Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры № 71/XI-27
Шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаардык мэриясынын жана “Маркетинг-Сервис” ЖЧКнун директорунун «Кант шаарындагы суу жабдыктары жана канализация системаларын калыбына келтирүү» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалыматын карап чыгып
КАНТШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясынын жана «Маркетинг-Сервис» ЖЧКнун директру М.Т.Кенжеевдин «Кант шаарындагы суу жабдыктары жана канализация системаларын калыбына келтирүү» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалыматы тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясына сунушталсын:
- «Маркетинг-Сервис» ЖЧКу менен кеңеш берүүчүлөрдүн иштери жөнүндө иш-чаранын толук планы иштелип чыксын.
3. «Маркетинг-Сервис» ЖЧКнун директору М.Т.Кенжеевге:
- «Кант шаарындагы суу жабдыктары жана канализация системаларын калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында максаттуу багытталган иш улантылсын.
- Кант ш. мэриясы жана жалдануучулар менен кызматташуу күчөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы боюнча Кант шаардык кеңешине квартал сайын маалымат берилип турсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.), Кант шаарынын вице-мэрине (У.Мусаев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |
Кантшаардык кеңешинин
27.09.2018-ж.
№71/XI-27-токтомуна тиркеме
PWS-01, Суу колдонуу эсебинин программасы
PWS-01 пакетиөзүнө төмөндөгү өзүнчө тендерлерди камтыйт:
PWS-01 / W1, үйдүн ички түтүктөрүн алмаштыруунун алдын алуу жана көп кабаттуу үйлөргө эсеп шайманынын шкафын орнотуу, андан тышкары
PWS-01 / G1, суу эсептегичтерин сатып алууну камтуу (Лот 1), АСД системасы үчүн программалык жана аппараттык камсыздоо (Лот 2), жана суу эсептегичтери үчүн шкафтар (Лот 3).
«Көп кабаттуу үйлөргө эсептегичтерди орнотуу» курамы боюнча PWS-01/W1контракт:
Өткөн мезгилдерде (июль – август 2018) төмөнкү үйлөрдө иштер жүргүзүлдү:
Октябрдын 50 жылдыгы, Гагарин, Парковая, 25 партсъезд, Абрикосов көчөлөрүндө жанжолдор бетондолду;
3-кичирайонунун №15,15а,32-үйлөрүндө, Буслаева көч. 97-үйүндө жылулук түтүктөрү коюлду;
№1-кичирайондун №27, 26, 21, 23 жана №3-кичирайонунун №8 -үйүндө; Абдраимов көч. №96, Буслаев көч.№5,13, 34-үйлөрүндө шкафтар орнотулду;
Абдраимов көч. №97-үйүнө байланыштырылды,
Тирөөч жана жер төлөлөр боюнча Æ20 мм түтүк салуу, Ленин көч. №42-үйүнө түтүк орнотуу жер төлөлөр боюнча Æ50мм түтүк салуу жана магистралдан шкафка, шкафтан батирге сантехникалык жабдууларды орнотуу.
Советская көч. №24,26 жана Буслаев көч. 5,13,34 жаңы магистраль орнотуу.