Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы № 182/26-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-февралы № 122/17-4
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Токмок шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2018-жылдын 25-январындагы кир.№ 109, 2018-жылдын 25-январындагы кир.№ 8 каттарынын, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 30-январындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Токмок шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жааматтык келишимдери бекитилсин (1,2 -тиркеме).
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Токмок шаардык кеңешинин
2018-жылдын 8-февралында
№122/17-4 токтому менен бекитилген № 1 тиркеме
2018-2020-жылдарга карата Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын
ЖАМААТТЫК КЕЛИШИМИ
Токмок ш. Муниципалдык менчик
башкармалыгынын жамаатынын 2018-жылдын
18 январында жалпы чогулушунда кабыл алынган.
Бул жамааттык келишим Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусу Эшимова А.Ж., мындан ары “Администрациясы” жагы деп аталуучу жана Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын эмгек жамаатынын кесиптик биримдигинин төрайымы С.Дж. Эралиеванын, мындан ары “Кесиптик биримдигинин комитети” жагы деп аталуучу, ортосунда түзүлгөн жергиликтүү ченемдик актысы.
Жамааттык келишим Кыргыз Республикасынын "Жамааттык келишимдер жөнүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык, муниципалдык кызматкерлердин - эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого кепил болгон юридикалык документ болуп эсептелет жана мыйзамда каралган кошумча эмгек, социалдык - тиричилик жеңилдиктерди жана кепилдиктерди камтыйт.
Жамааттын ишмердиги жана андагы өз ара эмгек мамилелери
1. Эмгек жамаатынын алдында турган башкы милдеттер.
1.1.Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жана аткаруу;
1.2.Токмок ш. калкына социалдык жана маданияттык тейлөөлөрдү көрсөтүү, аймактагы жашоону камсыздандыруу тутумун өнүктүрүү жана иштерин уюштуруу;
1.3.Токмок ш. өнүгүү стратегиясынын Программасынын аткарылышын, аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү жана Токмок ш. калкын социалдык коргоо пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана көзөмөлгө алуу.