ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 5
«Исфана шаар мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобосун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзымынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 17-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезекcиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу
Жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет).
2. Исфана шаар мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамынын саны беш адамдан түзүлсүн.
3. Исфана шаар мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча төмөнкүдөй комиссия курамы бекитилсин:
1. А. Мамадеминов- Исфана шаардык Кенешинин депутаты;
2. А. Мисирова- Исфана шаардык Кенешинин депутаты;
3. А. Хасанов- Исфана шаар мэриясынын Аксакалдар сотунун төрагасы;
4. Э. Акматов- Исфана шаар мэриясынын юристи;
5. Ч. Рысов- Исфана шаар мэриясынын уюштуруу иштери боюнча жетектөөчү адиси;
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |
2018-жылдын 27-ноябрындагы кезексиз
XIX сессиясынын № 5 токтомуна тиркеме
Исфана шаар мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
комиссиясы тууралуу
1. Жалпы жоболор
1.Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Исфана шаар мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия Исфана шаардык Кенеши тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык персоналдык курамы Исфана шаардык Кеңешинин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия Исфана шаардык Кенешинин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап Исфана шаардык Кенешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо Исфана шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2.Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8.Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10. Исфана шаардык Кеңеши тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет: