Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-ноябры № 4/3
Күнтуу айылдык кеңеши талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобого ылайык Күнтуу айыл аймагы боюнча жобо бекитилип, 2017-жылдын 27-мартында № 176 токтомдун жобосун жана түзүлгөн комиссия жокко чыгарылсын жана комиссия беш кишиден түзүлсүн, комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
1.Бейшеналиева Улкан Джакыповна –муниципиалдык кызматкер;
2.Козубеков Марат Сатыгулович-жергиликтүү кеңештин депутаты;
3. Джумалиев Талас Азаматовичти -жергиликтүү кеңештин депутаты;
4. Айылчиев Рустам Милияновичти -жергиликтүү кеңештин депутаты;
5.Болотбеков Лариса Казаковна(макулдашуу менен) –жарандык коомдун өкүлү;
2. Түзүлгөн комиссия бекитилген жобого ылайык 2019-жылдын 01-январынан баштап иш алып барсын;
3. № 1 жобо ушул токтом менен бекитилсин;
4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Б. Астаркулов |
Күнтуу айылдык Кеңешинин
2018-жылдын 08-ноябрындагы
4/3 токтому менен бекитилген
1. Ушул жобо Күнтуу айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын иш тартибин аныктайт
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конститутциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиисия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардансэсебинен жүргүзүлөт.
8. Комиссия так санда 5-11 адамдан, комиссиянын төрагасынын,төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт
9. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
-жергиликтүү кеңештин депутаттары;