Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 27-27/7
“Шаарга сиӊирген эмгеги үчүн” “Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин жана Каракол шаарынын мэриясынын төш белгиси” жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин жооптуу катчысы Э.А.Майрыковдун, 2019-жылдын 12-февралындагы, кир.№01-7/48 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын ХХVII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Шаарга сиӊирген эмгеги үчүн» «Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин жана Каракол шаарынын мэриясынын төш белгиси» жөнүндөгү Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин жооптуу катчысы Э.А.Майрыковго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |
Каракол шаардык депутаттар Кеңешини
2019-жылдын 26 февралында № 27-27/7 токтомуна №1 тиркеме
I бап. Жалпы Жоболор
Соттолгону алынбаган же жокко чыгарылбаган адамдарды төш белги менен сыйлоого көрсөтүлбөйт.