Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 27-27/14
“Каракол шаарына-150 жыл” юбилейлик марафонун өткөрүү жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2019-жылдын 8-февралындагы, кир.№01-7/43 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каракол шаарына - 150 жыл” юбилейлик марафонун өткөрүү жөнүндө” Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |
Каракол шаардык депутаттар Кеңешини 2019-жылдын 26 февралындагы № 27-27/14 токтомуна №1 тиркеме
1.1 Бул жобо Каракол шаарынын 150-жылдык урматына «Караколго-150-жыл» (мындан ары -Марафон) юбилейлик марафонун уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.
Марафон Кыргыз Республикасынын «Юбилейлик иш чараларды өткөрүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык уюштурулууда.
1.2 Марафондун максаты –Каракол шаарынын жашоочуларын, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды, бизнес- коомчулуктарын, меценаттарды, ошондой эле ар кайсы аймактардан каалоочуларды Каракол шаарынын өсүп-өнүгүүсүнө тартуу.
1.3 Марафондун милдеттери:
- Инсандардын Каракол шаарынын өнүгүшүнө кызыгуусун жогорулатуу;
- Каракол шаарынын юбилейлик өткөрүү боюнча калкка малымдоо;
- Шаардын инфраструктураларын, тарыхый эс тутумунун, шаардыктардын өздүк улуттук аң сезиминин өнүгүшүнө таасирлетүү менен муундардын байланышын сактоо.
2.1. Жобо Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан бекитилет.
2.2. Марафондун демилгечилери- Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши, шаардын коомчулугу.