КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кашка-Жол айылдык Кенешинин (6 шайланган) кезектеги он экинчи сессиясынын жыйынынын
2018-жылдын 4-декабры № 12/1
Кашка-Жол айылдык аймактык Кеңешинин Типтүү этикалык жобосун бекитүү жѳнүндѳ
Жергиликтүү Кеңештин депутаты наамынын коомдогу социалдык маанисин, аброюн жогорулатуу, депутаттардын жергиликтүү кеңештердеги ишмердиктериндеги шайлоочулар менен ѳз ара мамилелериндеги, мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен ѳз ара мамилелериндеги жана эл алдында чыгып сүйлѳѳдѳгү этикалык эрежелерин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасындагы Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 24-июлундагы № 01-181-89-"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодексин бекитүү жѳнүндѳгү" буйругун жетекчиликке алып депутаттардын Кашка-Жол айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айылдык аймактык Кеңешинин Типтүү этикалык кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин(тиркеме тиркелет).
2. Бул Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодексин жетекчиликке алуу жагы депутаттардын Кашка-Жол айылдык аймактык Кеңешинин кылмыштуулук жана укук коргоо, жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАКТЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ТИПТҮҮ ЭТИКАЛЫК
Бул жобосу жергиликтүү кеңешинин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
I. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айыл аймак, шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын, шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАКТЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
2.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.
2.2. Ар бир депутат жергиликтүү кеңеште иштиктүү кызматташтык жана өз ара колдоо, ак ниеттүү жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.