Редакцияот 04.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кашка-Жол айылдык Кенешинин (6 шайланган) кезектеги он экинчи сессиясынын жыйынынын

 

2018-жылдын 4-декабры № 12/2

Кашка-Жол айылдык аймагында бузуулар жѳнүндѳгү комиссиясынын жобосу жана комиссиянын курамын бекитүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 313-беренесин Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18-26-" Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу огандарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралу Типтүү этикалык жобосун бекитүү жѳнүндѳгү" буйругунун негизинде депутаттардын Кашка -Жол айылдык аймактык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Жол айылдык аймагындагы бузуулар жѳнүндѳгү комиссиянын жобосу №1 -тиркемеге ылайык бекитилсин ( № 1- тиркеме тиркелет).

2. Кашка-Жол айыл аймагында бузуулар жѳнүндѳ ишти кароо боюнча тѳмѳндѳгүдѳй комиссиянын курамы бекитилсин;

1. Калмурзаева З.- Айылдык Кеңештин депутаты комиссиянын тѳрайымы

2. Култаев А.- Айыл ѳкмѳтүнүн статист-экономисти, комиссиянын катчысы

Комиссиянын мүчѳлѳрү;

3. Нажимидинов Н- Айылдык Кеңештин депутаты

4. Сулайманов А- Айылдык Кеңештин депутаты

5. Суранбаева А- "М Баымбетов" орто мектебинин директору

6. Абылдаев А-Тогоьолй айылынын имамы.

7. Мамасалиев Ы.-Ынтымак айылынын айыл башчысы.

3. Жогорудагы комиссиянын курамы Кашка-Жол айылдык аймагында бузуулар жѳнүндѳгү Типтүү жобону аткарууга алышсын.

 

 

Төрага

Т. Оморов

Кашка-Жол айыл аймактык бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча

комиссиялары тууралуу

1. Жалпы жоболор

1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.

2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.

3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.

6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.

7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби

8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.

10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:

- жергиликтүү кеңештиндепутаттары;

- муниципалдык кызматчылар;