Редакцияот 04.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кашка-Жол айылдык Кенешинин (6 шайланган) кезектеги он экинчи сессиясынын жыйынынын

 

2018-жылдын 4-декабры № 12/3

Кашка-Жол айыллык аймагында аксакалдар сотторунун ишинин Типтүү регламкнтин жана аксакалдар сотунун курамын бекитүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын "Аксакалдар сотору жѳнүндѳ"мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар соторун усулдук жактан камыздоону күчѳтүү максатында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү ѳзалдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агентигинин 2018-жылдын 24-юулундагы №01-28\188-"Кыргыз Республикасынын аксакалдар соторунун ишинин Типүү регламентин бекитүү жѳнүндѳгү "буйругун негиз кылып депутаттардын Кашка-Жол айылдык аймактык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Жол айылдык аймагында аксакалдар сотторунун ишинин Типтүү регламенти тиркемеге ылаыйк бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2.Кашка-Жол айылдык аймагында аксакалдар соторунун курамы тѳмѳндѳгдѳй бекитилси:

1. Кайыпов Ысак -Тоготой айылынын тургуну, аксакалдар сотунун тѳрагасы.

2. Макмутов Таштанбек - Октябрь айылынын тургуну, аксакалдар сотунун мүчѳсү.

3. Акматов Ибраим - Жаңы- Талап айылынын тургуну, аксакалдар сотунун мүчѳсү.

4. Жусубалиев Муктарбек - Жийде айылынын тургуну, касакалдар сотунун мүчѳсү.

5. Максутов Тобокал - ынтымак айылынын тургуну, касакалдар сотунун мүчѳсү.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы депутаттардын Кашка-Жол айылдык аймактык Кеңешинин кылмыштуулук жана укук коргоо жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Оморов

Кашка-жол айыл аймактык аксакалдар сотторунун ишинин

ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ

I глава. Жалпы жоболор

1.      Аксакалдар сотунун ушул регламенти Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык иштелип чыгылды жана Кашка-Жол айыл аймагында түзүлүүчү аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин жөнгө салат.

2.      Аксакалдар соттору - булар ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук органдар.

3.      Аксакалдар сотторунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси),Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамы түзөт.

4.      Ушул Регламентте колдонулган терминдер.

Аксакалдар сотунун мүчөсү – Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, элүү жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, соттуулугу жок, айылдардын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адам.

Аксакалдар сотунун мүчөсүн чыгарып салуу - талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо аксакалдар сотунун мүчөсүн ишти (материалдарды) кароого катышуудан четтетүү.

Аксакалдар сотунун отуруму – курамында аксакалдар сотунун бардык курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү, тараптар жана ишке катышып жаткан башка адамдар катышкан, олуттуулугу боюнча ишти (материалдарды) кароо боюнча отуруму.

Тарап – жабырлануучу же жоопкер.

Аксакалдар сотунун чечими –иштио луттуулугу боюнча чечүү тууралуу аксакалдар сотунун жазуу жүзүндө чыгарылган токтому.

Таасир көрсөтүү чарасы – ишти (материалдарды) кароонун жүрүшүндө күнөөлүүлүгү аныкталган адамга карата аксакалдар соту тарабынан чыгарылган жаза.

5.      Аксакалдар соту жылына 1 жолу – июль айында бүт курамы менен каникулга тарайт жана иштерди материалдарды кабыл албайт, карабайт.

II глава. Аксакалдар сотторун уюштуруу тартиби