Редакцияот 03.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 3-майы № 50/XII-27

“№ 644, № 645 - контурлардагы көп жылдык өсүмдүктөрдүн баштапкы баасын аныктоо жөнүндө”

 

Красноречка айыл өкмөтүнүн башчысы К.Коджакматовдун К.Каракетовго жана “№ 644, № 645-контурлардагы көп жылдык өсүмдүктөрдүн баштапкы баасын аныктоо жөнүндө” маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2017-жылдагы № 243 “Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык Айылдык кеңешти

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. № 644-контурдагы Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлеринин баштапкы баасы 1,0 га-7000 (жети миң сом) 15 жыл мөөнөткө бекитилсин. № 645-контурдагы 9,5 га айдоо жери 1,0 га– 5000 (беш миң сом) 5 жыл мөөнөткө бекитилсин.

2. Ар бир лот боюнча 15% кепилдик төлөмдөрү бекитилсин.

3. Ар бир лот боюнча баштапкы суммадан 15% өлчөмдө аукциондук кадам бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселеси боюнча туруктуу комиссияга (И.Зия) жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Джекшенбеков