Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 3
Кара-Коюн айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын жобосун жана бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамын бекитүү тууралуу, айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын жобосу бекитилсин. (тиркелет)
2. Кара-Коюн айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы төмөндөгүдөй курамда бекитилсин;
1.Шамшиев Ш-а\к депутаты комиссиянын төрагасы
2.Айыпов Б-а\к депутаты комиссиянын төрагасынын орун-басары
3.Осмоналиев Б-а\ө жооптуу катчысы комиссиянын катчысы
4.Сатаров А-а\к депутаты комиссиянын мүчөсү
5.Мамбетов К-айыл башчы -\-
6.Абдыгазиев З-ЖПБнын төрагасы -\-
7.Миңбаев К-ЖПБнын бухгалтери -\-
8.Мамбеталиев Ж-СПА башчысы -\-
9.Бегалиев +-СПА башчысы -\-
10.Касмакунов Т-ИСКАКБ башчысы -\-
11.Салбаев Б-а\ө ветеринар адиси -\-
3. Жогорудагы түзүлгөн комиссия курамы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын жобосуна жана Кыргыз Республикасынын «Бузуулар» боюнча кодексинин негизинде иш алып барсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага | Б. Айыпов |
Кара-Коюн айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин 2018 –ж. «18» декабрь №3
токтому менен бекитилди.
Кара-Коюн айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары-Кодекс) каралган Кара-Коюн айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия айылдык кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө КРнын Конституциясын, КРнын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия айылдык кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап, айылдык кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2.Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлорүнүн курамында түзүлөт.
9. Айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр кирет: