Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 15-3
Айылдык кеңештин депутаттарынын этикалык кодексин угуп жана талкуулап КРнын 2000-жылдын 13-январындагы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» № 3-мыйзамынын 1-главасынын 8-1-беренесине ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттарынын этикалык кодекси жактырылсын жана бекитилсин.( этикалык кодекси тиркелет)
2. Депутаттык этика кодексинин талаптарын аткарууга алуу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо Кеңеш айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, миграция, туризм, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мамашарип уулу Дурусбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Абдибает уулу М. |
Кеңеш айылдык кеңешинин
(6-чакырылышы) кезексиз
он бешинчи сессиясынын
№ 15-3-токтомуна тиркеме.
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЭТИКАЛЫК
Бул Кодекс жергиликтүү кеңештердин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
ЖАЛПЫ ЖОБО
Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айылдын калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
Депутаттар өз макамын аймактын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
Депутаттар депутаттын жана аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.