ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ ОН ТОГУЗУНЧУ СЕССИЯСЫНЫН (VI ШАЙЛАНГАН) 3АСЕДАНИЕСИ
2018-жылдын 3-декабры № 19/1
Чалма айыл аймагынын 2018-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктооолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджет кодекси жөнүндөгү», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» жана «Жайыттар жөнүндөгү» мыйзамдарынын негизинде жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Козуевдин, Жайыт комитетинин төрагасы У.Жаанбаевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн бюджетине жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) бюджетинин киреше бөлүгүнө 390 200 сомго жана чыгаша бөлүгүнө 390 200 сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Чалма жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) бюджетинен Чалма айыл өкмөтүнүн бюджетине калуучу 3/1 бөлүгү жайыттарды жана жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга берилсин.
3. Жайыт акыларын толугу менен топтоо, максаттуу пайдалануу жагы жайыт комитетинин төрагасы У. Жаанбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык Кенешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Кадыркулов |