Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 19/2
Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 313-беренесин жетекчиликке алып, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө» буйругунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл аймагында бузуулар жөнүндөгү комиссиясынын жобосу № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Чалма айыл Өкмөтүндө бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин;
1) Б.Абдыразаков - айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы.
2) Т.Култаев -айылдык кеңештин депутаты, төраганын орун басары.
3) А.Моношева –айыл өкмөтүнүн экономист-статисти, комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
4) И.Боромбаев - айылдык кеңештин депутаты
5) Э.Зулпкаров - жергиликтүү жамааттын өкүлү
6) К. Эргешов- Токбай-Талаа айылынын айыл башчысы.
7) А.Балтабаев- айыл өкмөтүнүн жер адиси.
3. Комиссиянын курамы Чалма айыл аймагында бузуулар жөнүндөгү Типтүү Жобону аткарууга алышсын.
Төрага | А. Кадыркулов |
Чалма айылдык кеңешинин 2018-жылдын 3-декабрындагы
№19/2 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл ϴкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия Чалма айылдык кеңеши тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы Чалма айылдык кеңешинин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия Чалма айылдык кеңешинин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап Чалма айылдык кеңешине киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо Чалма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10. Чалма айылдык кеңеши тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет: