Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 9
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Курманбек айыл аймагында мамлекеттик балдар бакчасында балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтын калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында “Кызгалдак” балдар бакчасынын директору Ю.Тайгараеванын кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат :
ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл аймагындагы мамлекеттик балдар бала бакчаларына балдарды кабыл алууну сайт аркылуу электрондук кезекке коюу менен, ачык жургүзүүнүн эрежелери № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом менен бекитилген эрежелер Курманбек айыл аймагындагы бардык мамлекеттик, муниципалдык балдар бакчасында милдеттүү түрдө аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ч. Тайгараев |
Курманбек айылдык кенешинин
25-январь 2019-жылдагы
№9- токтому менен
бекитилген
Бул эреже Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”№ 101 мыйзамынын , Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы”Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө ’№198-мыйзамынын ,Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин Электрондук кезекти түзүү жөнүндө” 6-ноябрь 2014-жылкы №904\1буйругунун , Кыргыз Республикасынын коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча иш-чараларынын негизинде жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.Жободо белгиленген талаптар кыргыз тилинде 14 өлчөмдөгү менен Тimes New Roman шрифти менен жүргүзүлөт.
I.Эреженин колдоону тармагы жана принциптери
1.Сузак районунун Курманбек айыл аймагындагы балдар бакчалары Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-июнундагы “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”№198-мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү ‘Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багып кароо ‘мамлекеттик билим берүү стандарты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2-ноябрь 2013-жылкы №765 токтому менен бекитилген
‘Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө Типтуу Жобого ылайык жана балдардын бала бакчаларынын Уставынын негизинде өзүнүн милдеттерин аткарат.
2.Балдардын бала бакчаларын түздөн –түз жетекчиликти жана аны башкарууну башчылар(директор) ишке ашыргандыктан ,балдарды Уставта белгиленген тартипте аларды кабыл алууну уюштурат жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылат.
II. Арыздарды кабыл алууну жүргүзүү
3. Балдардын бала бакчаларынын башчылары(директор)ата-энелерден арыздарды алуунун тартиби:
-балдардын бала бакчаларынын башчылары(директор)ата-энелерге жеткиликтүү жайга балдарды кабыл алууга тийиштүү болгон документтердин тизмесин жайгаштырат,тийиштүү документтердин тизмеси айыл өкмөтүнүн маалымат тактасына жана балдар бакчасынын сайтына дагы жайгаштырылат жана кайрылган ата-энелерге жазуу түрүндө көчүрмөсүн берет.
-бала бакчаларында ата-энелердин арыздарын каттоо үчүн атайын номерленген жана тигилген журнал ачылыш керек.Журналда арыздын катар номери,арыздын мазмуну,берген күнү,айы,жылы,убактысы,ата-энелердин жашаган дареги,байланыш телефону,тапшырылган документтердин аттары №1-тиркемеге ылайык толтуруу жүргүзүлөт.