Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 3
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, жана ошондой эле “Кара-Балта шаарынын мэриясынын финансылык-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси М.О. Алымходжаевдин “ Кара-Балта шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасынын аткарылышынын жыйынтыктары, Кара-Балта шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасы, Кара-Балта шаарын өнүктүрүү боюнча 2019-2023-жылдарга карата Программасын ишке ашыруу иш аракеттердин Планы жөнүндө” отчетун угуп, Кара-Балта шаардык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
Ø Кара-Балта шаарынын 2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү Программасынын аткарылышы;
Ø Кара-Балта шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасы;
Ø Кара-Балта шаарын өнүктүрүү боюнча 2019-2023-жылдарга карата өнүгүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш аракеттердин Планы, № 1, № 2, № 3 Тиркемелерге ылайык.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясынын финансылык-экономикалык бөлүмүнүн Кара-Балта шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасын аткаруу боюнча ишин жетизсиз деп табуу.
3. Кара-Балта шаарынын мэриясынын финансылык-экономикалык бөлүмү, Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарынын сунуштары менен сын эскертүүлөрүн эске алсын.
4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара – Балта шаарынын мэриясына жүктөлөт.
Төрага | А. Аалыев |
“ ___ ” ___________ 2019 ж.
№ ___ КБШК Токтомуна
№ 1 Тиркеме
Кара-Балта шаарынын 2018-жылдын
социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары.
Кара-Балта шаары өзүнүн туруктуу позициясын республиканын ичинде улантууда, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн туруктуу өнүктүрүүдө, бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттар түзүлүүдө.
Шаардыктардын жашоо узактыгынын оң динамика демографикасы биздин биргелешкен жыйынтыгыбыздын иши болду.
Өнөр жай боюнча маалымат
Кара-Балта шаар мэриясынын тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын жана 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу алкагында белгиленген маселелерди аткаруу максатында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүндө белгилүү иштер аткарылды.
2018-жылдын ичинде Кара-Балта шаарынын өнөр-жай ишканалары аркылуу чыгарылган өндүрүштүн көлөмү 68 млрд.732 млн. сом өлчөмүндө өндүрүш өндүрүлүп, былтыркы жылга салыштырганда өсүү темпи 108,8% түзгөн.
Аффинаждык өндүрүштүн көлөмүн эсепке албаганда 12 млрд. 679 млн. сом товар өндүрүлүп, өсүү темпи былтыркы жылга салыштырганда 117,2% көп түзгөн.
Шаардын экономикасына өзүнүн салымын кошкон иш каналар төмөнкүлөр: нефть заводу ЖЧК “Чайна Петроль Компани “Джунда” чыгарган продукциясы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 11млрд. 967 миң сомду түзгөн, былтыркы жылга салыштырганда өсүү темпи 120.2 % түзгөн.
Былтыркы жылга салыштырмалуу өндүрүшүнүн чыгарган продукциясы камсыз кылган ишканалар:
· “Аффинаж заводдун” филиалы чыгарган продукциясынын көлөмү 56 млрд. 053 млн. сом, жана өсү темпи 107.1 %;
· «Кара-Балтадагы электр жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» чыгарган продукциясынын көлөмү- 156,0 млн. сом, өсүү темпи -100,6% түздү;