Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 1-12-29
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 8-1 беренесин жетекчиликке алып, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018 жылдын 24 июлюнан № 01-18/89 буйругун эске алып. Депутаттар талкуулап жана пикир алышып Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын этикалык кодекси бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Төрага | К.Ш. Мамыров |
Кемин шаардык кеңешинин
19.02.2019 жылдын № 1-12-29
токтомуна №1 тиркеме
БЕКИТИЛДИ
Кемин шаардык кеңешинин
2018 жылдын 19.02.2019 жылдын
№ 1-12-29 токтому
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ
Бул Кодекс Кемин шаардык кеңешинин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Кемин шаардык кеңешинин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү Кемин шаарынын калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
Депутаттар өз макамын аймактын, шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кемин шаарынын жергиликтүү жааматынын Уставына, Кемин шаардык кеңешинин Регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.