Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-ноябры № 90/ХIV -27
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин 14.11.2018-жылдагы № 8329 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана бузуулар жөнүндө маселелерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмесин берүү жөнүндө кайрылуусуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17.10.2018-жылдагы ” №01-18/126 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык, Кочкорбаев айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча протоколдорду түзүүгө жана бузуулар жөнүндө маселелерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмесин (комиссиянын курамын) бекитүү тууралуу сунушун жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Жобосун бекитүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия төмөндөгү курамдан туруп бекитилсин:
- Адиков Санжыр Усеинович –комиссиянын төрагасы
- Байсубанова Асель Аалы-Мамбетовна - катчысы
- Исаков Туратбек Абдыкалыкович - Айыл башчысы
- Казабаев Бектенбай Джамакеевич – айыл башчысы
- Тыныстанов Рыспек Исмаилович – АК депутаты
- Карагулаков Мирлан Намасович –СООППВнын директору
- Ниязов Керим Мидинбекович –АК Депутаты
- Райкеев Джолдошбек Джеенбаевич –АК Депутаты
- Сулейманов Ислам – специалист ветеринар
- Джусупбаева Мария Джумакадыровна -коомчулуктан
- Хабибова Зульфия Газимьяновна –коомчулуктан
2. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |
Тиркеме №1
Кочкорбаев айылдык Кенешинин
06.11.2018-жылдагы
№ 90/ ХIV -27 токтому
менен бекитилген
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.