Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 192/27-4
Токмок шаарынын мэриясынын катын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгы тарабынан берилген 2018-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө материалдарын карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеӊеш тɵмɵнкүнү белгилейт: жергиликтүү бюджеттин киреше бɵлүгү бекитилген план боюнча атайын каражаттарды эскепке албаганда 104,0% аткарылды же бекитилген план 159919,5 миӊ сом болсо, факт жүзүндɵ 166241,8 миӊ сом түштү же такталган пландан ашыкча шаардын бюджетине 6322,3 миӊ сом түштү.
2018-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин жалпы киреше бɵлүгү такталган план боюнча атайын каражаттарды жана республикалык бюджеттен алынган максаттуу транферттерди эсепке алуу менен 99,8% же такталган план боюнча 229175,3 миӊ сом, факт боюнча 228623,3 миӊ сом же 552,0 миӊ сом түшпɵй калган.
Анын ичинде:
-бюджеттик каражаттар боюнча аткарылышы 99,7% түзүп (такталган план 209293,7 миӊ сом, факт 208741,6 миӊ сом) же 552,1 миӊ сом түшпɵй калган.
-атайын каражаттар боюнча 100,0% (такталган план 19881,6 миӊ сом, факт 19881,7 миӊ сом) же ашыра аткаруу 0,1 миӊ сом.
Жергиликтүү шаардын бюджетинин киреше бɵлүгү расмий трансферт жана атайын каражаттарды эсепке албаганда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин такталган планы боюнча 101,8 % аткарылып, же такталган планда 163293,7 миӊ сом, иш жүзүндɵ 166241,8 миӊ сом жүргɵн же шаардын бюджетине такталган пландан ашыкча 2948,1 миӊ сом түшкɵн.
Белгилей кетүү керек, бул ɵсүү кɵрсɵткүчү 2017-жылы 112,0% түзгɵн же кирешелердин келип түшүүсү аткарылган иштердин кɵбɵйүүсүн жыйынтыгы боюнча,киреше 17841,7 миӊ сомго кɵп чогулган салыштырмалуу былтыркы жылдын ушул эле мезгилине (2017-жылы 148400,1 миӊ сом чогултулган). Бул багытта милдеттүү патенттин негизинде, ыктыярдуу патент, сатуудан салык, жер ижарасы үчүн акы салыгы боюнча жакшы кɵрсɵткүчтɵр бар.
Объективдүү жана субъективдүү себептер боюнча,айрым кирешелердин түрлɵрү боюнча план аткарылган эмес:
-Салык агенттери тɵлɵɵчү киреше салыгы- 99,1%, такталган план боюнча 57334,0 миӊ сом суммасында, факт боюнча 56791,4 миӊ сом чогулган же 542,6 миӊ сом аткарылган эмес, мында ɵсүү кɵрсɵткүчү 2017-жылга 109,5% же 4934,5 миӊ сом кɵп чогулган.
-Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы-95,9%, такталган план боюнча 11710,0 миӊ сом суммасында, факт боюнча 11230,8 миӊ сом чогулган же 479,2 миӊ сом аткарылган эмес, мында ɵсүү кɵрсɵткүчү 2017-жылга 102,9% же 318,2 миӊ сом кɵп чогулган.
-Салыктан алынуучу салык- 94,9%, такталган план боюнча 22747,3 миӊ сом суммасында, факт боюнча 21576,9 миӊ сом чогулган же 1170,4 миӊ сом түшкɵн эмес, мында ɵсүү кɵрсɵткүчү 2017-жылга 117,6% же 3236,1 миӊ сом кɵп чогулган.
-Жер казынасын пайдалануу лицензиясын пайдалануу укугу үчүн тɵлɵм-28,1%, план боюнча 265,4 миӊ сом, факт боюнча 74,6 миӊ сом же 190,8 миӊ сом түшпɵй калган.
-автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым- 95,7%, план боюнча 625,0миӊ сом, факти боюнча 598,0 миӊ сом чогулган же 27,0 миӊ сом түшпɵй калган.
-айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу- 27,3%, план боюнча 2000,0 миӊ сом, факт боюнча 546,4 миӊ сом же 1453,6 миӊ сом түшпɵй калган, пландын аткарылбай калгандыгынын себеби болуп, бул муниципалдык жерлерди сатууга эмес ижарага берүүгɵ кɵӊүл бурулууда.
2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин салыктар жана тɵлɵмдɵр боюнча салык калдыктары 7239,2 миӊ сомду түздү же ɵткɵн жылдын ушу мезгилине салыштырганда 157,2 миӊ сомго кɵбɵйдү (2018-жылдын 1-январына карата-7082,0 миӊ сом).
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бɵлүгү республикалык бюджеттен алынган максаттуу трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке алуу менен, 96,3% аткарылды, же план боюнча 229776,3 миӊ сом болсо, иш жүзүндɵ 221345,7 миӊ сом.
Анын ичинде:
-бюджеттик каражаттар 201710,8 миӊ сом суммасында чыгымдалган;
-атайын каражаттар 19634,9 миӊ сом суммасында чыгымдалган.
2019-жылдын 20-январына карата шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызы -9853,2 мин сомду түздү, анын ичинде коммуналдык кызматтар үчүн -8266,3 мин сом, башка чыгымдар үчүн 1586,9 мин сом. мындан тышкары, калкка жылуулук энергиясын берүү үчүн “Токмок Жылуулук” МИнын алдында республикалык бюджеттин субсидиялар боюнча 12232,5 миӊ сом карызы бар.
Жогорудагы айтылгандардын негизинде,Токмок шаардык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл үчүн жергиликтүү шаардын бюджетинин аткарылышы боюнча киреше бɵлүгү 228623,3 мин сом суммасында, алардын ичинен бюджеттик каражаттар -208741,6 мин сом, атайын каражаттар-19881,7 мин сом (тиркеме №1) эске алынсын.
2. 2018-жыл үчүн жергиликтүү шаардын бюджетинин аткарылышынын чыгаша бɵлүгү (тиркеме №2) бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башкаруучусу (Мусуралиев С.И.) тарабынан шаардын бюджеттик мекемелеринин коммуналдык кызматтар боюнча кредитордук карыздарын жабуу боюнча тиешелүү чаралар кɵрүлсүн.
4. Токмок шаары боюнча МСКБнын башкаруучусу (Майтиков Т.К.) тарабынан:
–ай сайын салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлɵрү боюнча пландык кɵрсɵткүчтɵрдүн аткарылышы камсыздалсын;
–салыктар жана тɵлɵмдɵр боюнча салык калдыктарын кыскартуу боюнча жумуштар күчɵтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |