Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 194/27-4
Токмок шаарынын 2018-жылдын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын жана 2019-жылга социалдык-экономикалык программасын бекитүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Д.Ж.Амангельдиевдин “Токмок шаарынын 2018-жылдын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2019-жылга социалдык – экономикалык программасы жөнүндө” отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэри Д.Ж.Амангельдиевдин “Токмок ш. 2018-жылдык социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө” отчету эске алынсын. (тиркеме 1).
2. 2019-жылга Токмок шаарынын социалдык-экономикалык программасы бекитилсин (тиркеме 2,3,4).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаарынын мэри Д.Ж.Амангельдиевге жана Токмок шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Тиркеме 1
Токмок шаардык кеңешинин
2019-жылдын 25-январындагы
№ 194/27-4 токтомуна
Токмок шаарынын 2018- жылдагы
социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана
2019-жылга карата милдеттери жөнүндө маалымат
Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу Токмок шаарынын 2018-2022-жылдарга орто мөөнөттүү Өнүгүү программасын жана Токмок шаарынын 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ №2 “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдар мезгилинде Регионалдык саясат концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында шаардын бүтүндөй коомчулугунун тикелей катышуусу аркылуу 2018-жылдын отчеттук мезгилинде Токмок шаарынын 2018-жылы социалдык-экономикалык өнүгүү планында белгиленген максаттарга жетишүү жана милдеттерди аткаруу үчүн белгилүү иштерди аткарган.
ӨНӨР ЖАЙЫ
2018-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү шаар боюнча 5395,0 млн. сомду түзүп, 2017-жылга караганда (5999,0 млн.сом) көрсөткүч 604,0 млн. сомго азыраак болуп, номиналдуу өсүү ыргагы 89,9 % түзгөн.
Отчеттук мезгилинин жыйынтыгы боюнча физикалык көлөмдүн индекси 90,1 пунктту түзгөн.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүү ыргагын 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу “Вива-Текс” жоопкерчилиги чектелген коому 125,2%, “Интер-Гласс” 100,1%, «Элит-Гласс» 147,5 %, «Железобетон” ачык акционердик коому 126,4% аткарышкан.
Ошону менен бирге айрым ири ишканалардын арасында көрсөткүчтөр толук аткарылбай калган. Бул «Тоо-Таш» ААКда сатуу көлөмү 64,1% азайгандыгына рыноктогу атаандаш чакан ишканалар бир топ арзан бааларга кум, шагыл сатып жаткандыгына байланыштуу болгон, “Токмок-Булс” жабык акционердик коому 93,1% аткарган, себеби болуп Кыргызстандын рыногунда атаандаш 4 ири заводтор бар, алар продукцияларын арзаныраак баада сатууда, ошондуктан былтыркыга салыштырмалуу азаюу байкалган. Ал эми “Токмок-Булс” ишканасынын продукциялары буудай данынан жасалат, ошого байланыштуу бир аз кымбатыраак. Андан тышкары, жалпысынан алганда ичимдиктерди ичүү калк арасында азайгандыгы байкалат.
Чакан жана орто ишканалардан “Заман” ЖЧКсы 96,9%, “Курманов и К” ЖЧКсы 95,5%, “Картон” ААК 98,1% аткарган. Буларга чийки заттардын жетишсиздиги жана сатуу рыногунун начардыгы себеп болгон.
2018-жылдын ичинде пландаштырылган доолборлор ишке ашты: