Редакцияот 26.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

ХХVII- чакырыгынын ХVIII- иреттеги ачык сессиясы

 

2018-жылдын 26-декабры № 77-8

«Айыл башчысы жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Петровка айыл өкмөтүнүн айыл башчысы жөнүндө типтүү Жобосу боюнча айыл өкмөттүн жоопту катчысы Валиева З.Т.-нын маалыматын угуп жана талкулап Петровка айылдык кенеши

ТОКТОМ ЧЫГАРДЫ:

1. Петровка айыл өкмөтүнүн айыл башчысы жөнүндө Жобосу бекитилсин.

2. Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Астаров Д.Б. бекитилген Жобону кызматында колдонсун.

 

Төрага

Д. Маматкеримов

2018-жылдын 26 декабрында

Петровка айыл аймагынын

Кеңешин №77-8

Токтому менен бекитилди

Айыл башчысы жөнүндө

I. Жалпы жоболор

II. Айыл башчысын дайындоонун жана бошотуунун тартиби

III. Айыл башчысынын иш милдеттери

IV. Айыл башчысынын укуктары

V. Айыл башчысынын жоопкерчилиги

I. Жалпы жоболор

1.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында өзүнчө бөлөк жайгашкан айылдарда жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен, кызматтык маянасы тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетектөөчү адисинин деңгээлиндеги айыл башчынын кызмат орду ачылат.

1.2. Айыл башчысы администрациялык муниципалдык кызматчы болуп саналат.

1.3. Айыл башчысынын жогорку же атайын орто билими, адамдар менен иштей билиши жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү болушу керек.

1.4. Айыл башчысы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, жергиликтүү коомдоштуктун уставын, айылдык кеңештин чечимдерин, ошондой эле айыл башчысы жөнүндө типтүү жобону (мындан ары - Жобо) жетекчиликке алат.