Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 1
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысынын Сейдикум айыл өкмөтүнун бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча комиссиялар туралуу жобону бекитип берүү сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча комиссиялар туралуу Жобо бекитилсин.
2. Сейдикум айыл өкмөтүнун бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча комиссияга Жобого ылайык иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Абдраимовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |
Сейдикум айылдык Кеңешинин
2018-жылдын 30-ноябрындагы
№ 1-токтомуна тиркеме
«БЕКИТЕМИН»
Сейдикум айылдык Кеңешинин
төрагасы _________ Б Турсункулов.
“___”_______________2018-ж
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары – Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкару органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан-ары Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комисия кодексте карлаган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.