Загрузка документа…
МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 104
Марказ айыл Өкмөтү тарабынан даярдалган «Айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссиясы жөнүндө ЖОБОну» карап жана талкуулап чыгып, Марказ айыл аймагынын айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу ЖОБО бекитилсин. (ЖОБО тиркелет).
2. ЖОБОнун негизинде Марказ айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияга уюштуруу иштерин жүргүзүү үчүн жакындан жардам берүү жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук адам укугун коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Шамшиев |
Марказ айылдык кенешинин 6-чакырылыш
18-сессиясынын 23.11.2018-жыл
№104-токтому менен бекитилген
Марказ айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 10-ноябрындагы № 9/126-буйругу менен бекитилген типтүү Жобонун негизинде түзүлдү.
1 Жалпы жобо
Комиссиянын курамы 7 кишиден комиссиянын төрагасынын, торагасынын орун басарынын, жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
- Айылдык кенеш тарабынан бекитилүүчү комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
· Айылдык кенештин депутаттары;
· муниципалдык кызматчылар;
· айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана айылдык жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
2. Комиссиянын түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн
токтотуунун тартиби
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Марказ айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияны (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана анын ишинин тартибин аныктайт.