Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-июлу № 9
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХ –чакырылышынын ХIV –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында алынган айыл чарба техникасы Жобосу жана белгиленген тарифтери бекитилсин.( Тиркеме тиркелет ).
2. Алынган тракторду (Беларус 80-Х) механизаторго алып беруу актысына ылайык жүргүзүү жана бекитилген жобо боюнча иштерди мыйзам чегинде жүргүзү Арал жайыт комитетинин төрагасы Ш.Төрөкуловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Кадырбековко милдеттендирилсин
Төрага | Б. Мамадалиева |
«Бекитемин»
Арал айылдык кеңешинин төрагасы
___________________________
колу ФАА
№____ “____”________________
Беларус – 80 Х тракторун эксплуатациялоо жөнүндө
Ушул жобо Беларус- 80 Х маркасындагы тракторду пайдалануу тууралуу жобо болуп эсептелет, (мындан ары Жобо) Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз жогоруда аталган техниканы максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган.
I. Жалпы жоболор
Айыл өкмөтү алынган техниканы АРИС, айылдык кеңеш, айыл өкмөтү жана жайыт комитетинин ортосунда түзүлгөн алкактык келишимге негиз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен өз балансына кабыл алат.
Беларус- 80 Х маркасындагы тракторду эксплуатациялоо жана пайдалануу тартиби (мындан ары атайын техника), Айыл өкмөттүн муниципалдык менчигиндеги атайын техниканы, Жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусуна берилүүсү өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына ылайык механизатор менен түзүлгөн келишимге негиз жүргүзүлөт.
Атайын техниканы эксплуатациялоону пайдалануу боюнча укугун өткөрүп берүү жана анын мөөнөттүн белгилөө жайыт комитетинин жана айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгнө келишим негиз болот.
Атайын техника айыл аймагынын аймагында жана ага жакын турган айылдарда пайдаланылат жана төмөндөгү Жайытты башкаруу планында жана жылдык планда белгиленген жумуштарды жана комерциялык кызматтарды көрсөтөт.
Жайытты башкаруу планында белгиленген иш-чаралар:
Тоюттарды даярдоого байланышкан жумуштар;
Жогоруда белгиленген планда көрсөтүлгөн жана башка айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган иш-чараларды аткарууга колдонулат;