Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор арылык мамилелер боюнча мамлекеттик агентиктин 2018-жылдын 2-ноябрындагы №01-18/98 буйругун карап жана талкуулап Арал айылдык Кеңешинин XX –чакырылышынынын ХV I - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттардын этикалык кодекси бекитилсин. (кодекс тиркелет.)
2. Айылдык кеңештин депутаттардын этикасын көзөмөлдөө мыйзамдуулук жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б. Мамадалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мустапакулов |
Кыргыз Респубдикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын
ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ
Бул кодекс жергиликтүү кеңештердин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика- бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
1. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарды (мындан ары-депутаттар) тийиштүү айыл аймактын калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүүгү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобонун жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болушу керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
I. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү депутаттык этиканын эрежелери
2.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.