Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы № 7-8-1
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2019-жылга карата түзүлгөн иш пландарын угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ⅤⅠⅠⅠ-чакырылышынын ⅤⅠⅠ-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2019-жылга карата түзүлгөн иш пландары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2019-жылга карата түзүлгөн иш пландары №1, №2, №3, №4 -тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык Кеңештин аппарат жетекчисине (Мамасалиев А.Э.) жана туруктуу комиссияларынын төрагаларына (Токтоназаров К.Ю., Базарбаев К.С., Малабеков Т.Э.) жүктөлсүн. Шаардык Кеңештин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарына ылайык иш алып барылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарына (П.Ч.Ырысбаевге) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |
Тиркеме № 1
“ Бекитилген”
Майлуу-Суу шардык кеңештин
2019-жылдын 3-майындагы
кезексиз сессиясынын
№7-8-1 Токтому менен
Шаардык кеңештин төрагасы
“____”__________Б.К.Барбиев
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШТИН 2019-ЖЫЛГА КАРАТА ИШ
№ | Иш чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптулар |
1. | Шаардык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын 2019-жылга иш пландарын кароо жана бекитүү жөнүндө | 1-2-квартал | Шаардык кеңештин жоопту катчысы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары |
2. | Майлуу-Суу шаарынын 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө | 1-2-квартал | Мэрия, ШКБ жана бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясы |
3. | Майлуу-Суу шаарынын 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү 2020-2021-жылдарга божомолун түзүү жөнүндө
| 1-2-квартал | Мэрия, ШКБ жана бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясы |
4. | Майлуу-Суу шаарынын 2019-ж. көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери боюнча титулдук тизмесин бекитүү | 1-2-квартал | Мэрия өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясы |
5. | 2018-2019-жылдарда күз-кыш мезгилдерге даярдыктардын негизинде кыштоонун аякташы жөнүндө | 1-2-квартал | Мэрия, Өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия |
6. | Шаардын муниципалдык мекемелеринин тизмесин тактоо | 2-квартал | Мэрия, ММБ жана өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия |
7. | Мэрдин бир жыл ичинде шаардык социалдык-экономикалык өнүгүү программасын аткаруу боюнча отчетун угуу жөнүндө | 2-квартал | Шаардык кеңеш |
8. | Майлуу-Суу шаарынын 2019-жылга жашылдандыруу жана көрктөндүрүү маселесин кароо, 2019-жылы жасалган жумуштарынын отчетун угуу | 2-квартал | Мэрия, тиешелүү мекеме уюмдар |
9. | 2019-жылдын биринчи жарым жылдык боюнча шаардык бюджеттин аткарылышын кароо маселеси жөнүндө | 3-квартал | Мэрия, ШКБ, Бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия |
10. | Майлуу-Суу шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы тарабынан аткарылган жумуштары жөнүндө | 2-3-квартал | МСКБ, бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия |
11. | 2018-жылда канча жаранга батир берилгенин жана канча муниципалдык батир калгандыгын аныктоо жөнүндө |
2-3-квартал | Мэрия,ММБ жана өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия |
12. | Шаардын тазалыгы,көрктөндүрүү,жашылдандыруу маселелери боюнча мэриянын жана шаардын аймагындагы мекеме иш каналардын көрктөндүрүү боюнча 3 айлыгынын жыйынтыгын жана жүргүзгөн иштерин кароо | 2-3-квартал | Мэрия, өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия |
13. | Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы мекемесинин 2018 жылы аткарган иштери боюнча отчетун угуу | 2-3-квартал | Өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия
|
14. | Жаштар комитетинин иш чараларын коргоо жөнүндө иш алып баруу | 2-квартал | Мэрия, социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссия |
15. | Аксакалдар кеңешинин, аксакалдар сотунун 2018-жылы жасаган жумуштарын угуу жөнүндө |
2-квартал | Социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссия |
16. | Шаардык мекеме иш каналардын имараттарында, пандус перила орнотуу боюнча жүргүзүлгөн иштерди кароо |
2 -квартал | Мэрия, Социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссия |
17. | 2019-жылдын 2-3-кварталдарынын шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жана аткаруу |
3-4-квартал | Мэрия,МСКБ,Бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия |
18. | Шаардагы коммуналдык мекеме ишканаларынын 2019-2020-ж.ж. күз- кыш мезгилдерине даярдыктарын кароо | 3-4-квартал
| Өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия
|
19. | Шаарыбызда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иш чараларды уюштуруу.Мектептерге баруу, окуучулар, студенттер менен иш алып барган инспекторлордун, диний кызматкерлердин маалыматтарын угуу |
3-квартал | Социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссия |
20. | Шаардык депутаттардын шайлоочулардын алдындагы отчету | 4-квартал | Шаардык кеңештин фракциялары |
21. | Арыз ,каттар боюнча иш алып баруу | 4-квартал | Шаардык кеңештин аппараты жана туруктуу комиссиялар |
22. | Депутаттардын наказдары жана алар тараптан коюлган маселелер боюнча чечим кабыл алуу |
4-квартал | Мэрия жана шаардык мекеме уюмдар |
23. | Ишкерлерди текшерүү боюнча МСКБ,СЭКБ ру менен бирдикте рейдтерди төмөнкү маселелер боюнча жүргүзүү: Нан бышыруу жана сатуу боюнча санитардык,гигиеналык нормалардын сакталышын камсыздоо;
Жалпы жеке ишкерлерди патент менен камсыздоо; Сатуу жайлардын санитардык абалын көзөмөлдө; Сатылуучу товарлардын сертификаттарын көзөмөлдө; Спирт ичимдиктерин сатууга уруксат берүү жагы тартипке ылайык аткарылышын контролдоо. |
4-квартал | Өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия мэрия менен биргеликте, мэрия
|
24. | 2019-2020-окуу жылдарына, окуу жайларды жана мектептерди (китеп кана,муз.мектеп), шаардын саламаттыкты сактоо мекемелеринин күз кыш мезгилдерине даярдыктарын карап чыгуу |
4-квартал | Шаардык кеңештин депутаттары жана социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясы |
25. | Жер алууга арыз жазган шаар тургундарынын арыздары кандай тартипте жүрүп жаткандыгын кароо | Дайыма | Өнөр-жай,транспорт, коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясы жана башка комиссияга мүчө болгон депутаттар
|