Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы № 7-8-4
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин депутатарынын 2019-жылга жумуш планына ылайык, “Майлуу-Суу шаарынын бюджетинин 2019-жылга бекитилишин жана 2020-2021-жылдарга божомолун” карап чыгып,талкуулап, бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Майлуу-Суу шаардык кенештин VIII-чакырылышынын VII-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 2019-жылга жергиликтүү бюджети кирешелери жана чыгашалары боюнча 60 264,1 миң сом,анын ичинде бюджеттик каражаттар 51 414,1 миң сом,атайын каражаттары боюнча 8850,0 миң сом суммасында № 1, 2, 3, 4 -тиркемелерине ылайык бекитилсин.
2. Майлуу-Суу шаарынын 2020-2021-жылдарга божомолдун негизги параметрлери №2- тиркемеге ылайык төмөнкү суммада бекитилсин:
-2020-жылга 73 042,5 миң сом;
-2021-жылга 86 401,5 миң сом.
3. Майлуу-Суу шаарынын Мэриясы 2020-2021-жылдарга болгон божомолдун негизги параметрлерин,аларды ар бир жылда карап чыгып жатканда кайрадан иштеп чыгуусуна укугу бар.
4. Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн нормативи “Кыргыз республикасынын 2019-жылга республикалык бюджеттен жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө” КРнын мыйзамынын 10-беренесине ылайык бекитилсин.
5. Шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2019-жылга түшкөн кирешелердин чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы,социалдык фондго чегерүү,дары дармек,тамак-аш жана социалдык жеңилдиктер) жана коммуналдык чыгымдарга каржылануусу (жылуулук энергиясынан башкасы) белгиленсин.Чыгашалардын корголгон беренелерин туура жана так колдонуу ,электр энергия жана жылуулук энергиянын лимиттерин сактоо жоопкерчилиги бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
6. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттардын Казына тутумунан сырткары колдонууга тыюу салынсын.Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын.
7. 2019-жылдын чыгаша бөлүгүнө каралсын жана бекитилсин:
- “Мугалимдер статусу” Мыйзамына ылайык, мугалимдердин медициналык кароосун 50% төлөп берүү жана ЖОЖда сырттан окуган жаш мугалимдердин контрактын 50% төлөп берүүсү каралсын;
- Кара-Жыгач айылынан каттаган окуучуларга 113,9 миң сом билим берүү бөлүмүнө бөлүнсүн;
- Жалпы билим берүү мектептердин 7(жети) орто медициналык кызматкерине айлык акыларына (ай сайын 1200 сомдон 9 айга) үстөк акы;
- ММБ (муниципалдык менчик башкармалыгында) жашылдандыруу чарбасынын 3 (үч) кызматкерлерин камтуу;
- Шаар аймагында өзгөчө кырдаалдарда пайдалануучу кол тийбестик 400,0 миң сом;
8. Майлуу-Суу шаарынын “Горжилзеленстрой" мекемесинин 2019-жылга 70,75 штаттык бирдиги бюджеттик каражаттан 4104,0 миң сом жылдык эмгек айлык акы фонду менен бекитилсин.
9. Майлуу-Суу шаарынын “Горжилзеленстрой" мекемесинин 2019-жылга 22,25 штаттык бирдиги атайын каражаттан 1951,3 миң сом жылдык эмгек айлык акы фонду менен бекитилсин.
10. 2019-жылдын 01-январынан тартып “эмгек айлык акы” беренесинин үнөмдөлгөн каражатынан 17 көчө тазалоочу жана 2 электрикке ай сайын 3000 (үч миң) сомдон айлык акысына кошумча акы төлөө “Горжилзеленстрой" мекемесинин жетекчисине милдеттендирилсин.
11. 2019-жылдын 01-майынан тартып “эмгек айлык акы” беренесинин үнөмдөлгөн каражатынан ар кыл жумуш аткаруучуларга (разнорабочийлерге) ай сайын 2000 (эки миң) сомдон айлык акысына кошумча акы төлөө “Горжилзеленстрой" мекемесинин жетекчисине милдеттендирилсин.
12. Шаар ичине коомдук ажаатканаларды куруу үчүн долбоордук-сметалык документация чыгымдарына 66,0 миң сом “Горжилзеленстрой" мекемесине каралсын.
13. Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690-токтомун ишке ашыруу максатында “Эл жана турак жай фондун катоо” (перепись населения) Мамлекеттик компаниясын жүргүзүү үчүн 2019-жылга 280,0 миң сом шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына каралсын.
14. Майлуу-Суу шаарынын ММБ мекемесинин 2019-жылга карата сметасында сибирь жарасын дезинфекциялоого 60,0 миң сом жана сибирь жарасынын (күйдүргү) очокторун оңдоого 50,0 миң сом, ошондой эле эпидемиялогия жана эпизотикалык фондко 20,0 миң сомдон 40,0 миң сом жалпы сумма 150,0 миң сом каралсын.
15. Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин 2019-жылга сметасына ылайык коомдук уюмдарды демилге берип кызыктыруу максатында сыйлоо үчүн аксакалдар сотуна 40,0 миң сом,аксакалдар Кеңешине 20,0 миң сом бекитилсин (Тиркеме №3).
16. Майлуу-Суу шаардык аскер комиссариатына 2019-жылга транспорттук чыгашалар,кеңсе буюмдарын сатып алуу жана коммуналдык кызмат көрсөтүү беренелери мэриянын сметасында каралып,чыгымдары ишке ашырылсын.
17. Муниципалдык менчикти башкармалыгына 2019-ж.14,0 штаттык бирдиги бюджеттик каражаттан жана 1879,8 миң сом жылдык айлык акы фонду менен бекитилсин.
18. Мэрдин резервтик фонду 500,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
19. Салыктын күтүлгөн жоготуусу жана жылуулук берүү,башка карыздарды төлөөгө берилүүчү каражаттарды тартуу боюнча Мэрияга,мамлекеттик салык башкармалыгына жана каржы министирлигинин Майлуу-Суу шаардык башкармалыгына жыл ичинде бюджеттин киреше бөлүгүн тактоо милдеттендирилсин.
20. 2019-жылдын 01-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен 1915,8 миң сом бекитилсин (тиркеме №5 ). Анын ичинен:
- Мэрияга, “Горжилзеленстрой” мекемесине, шаардык кеңешке 100,0 миң сомдон жалпысынан 300,0 миң сом акча каражаты соттун чечиминин негизинде бала бакчага имаратын кайра сатып алууга;
- “Горжилзеленстрой” мекемесине 1200,0 миң сом акча каражаты учурдагы жолдорду оңдоого;
- 415,8 миң сом акча каражаты жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчага.
21. Бюджеттик мекемелердин атайын каражат боюнча 01.01.2019-ж.калдыктары бекитилсин (тиркеме №6).
22. “Горжилзеленстрой” мекемесинин 2019-жылга сметасына ылайык 391,7 миң сом акча каражаты шаарга светофор орнотууга бөлүнсүн.
23. “Ысык тамак” долбоору боюнча кошумча каражаты шаардын мектептеринин (№3,4,5,7,8 мектеп) сметасына ылайык (тиркеме №3) 1150,0 миң сом акча каражаты каралсын.
24. Шаардык кеңеш, “Горжилзеленстрой” жана мэрия иш каналардын сметасында соттун чечими менен бала бакчага имаратты кайра сатып алууга 265,0 миң сом каралсын.
25. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
26. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардын мэрине (Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |