Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы № 7-8-8
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2018-жылдын 28-ноябрындагы №01-14/2075, 7-декабрындагы №01-14/1249 жана 2018-жылдын 25-декабрындагы №01-14/2283 сандуу каттарынын негизинде шаардын мэри Н.А.Маматовтун маалыматын угуп,карап чыгып,депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ⅤⅠⅠⅠ-чакырылышынын ⅤⅠⅠ-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258-токтомунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Типтүү жобосу (Тиркеме №1 ) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258-токтомунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Типтүү жобосуна ылайык комиссиянын курамы №2-тиркемедеги тизмеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басарына жана шаардын мэрине (Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |
Майлуу-Суу шаарынын Мэриясынын
“_____” _______________2018-жылдын
№ ________ буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби