Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2018-жылдын 8-декабры № 14
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагында 2018-жылдын 25-октябрында Жаңы-Жер айылында өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз түзүлгөн Типтүү Жобо жөнүндө депутаттар угуп, талкуулап айылдык кеңешин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагында 2018-жылдын 25-октябрында Жаңы-Жер айылында өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз түзүлгөн Типтүү Жобо бекитилсин. (Тиркеме 2 баракта тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн
Төрага | А. Имаров |
Ак-Турпак айыл аймагынын айылдык кенешинин VI
чакырылышынын кезектеги VII сессиясында
2018 – жылдын 8 – декабрындагы №14 токтому менен
бекитилген.
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагында каада- салттарды кыскартуу жана ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жөнүндө
ТИПТҮҮ ЖОБО
1.Сүннөт той өткөрүү
1.1.Сүннөт той өткөрүүдө ата-энелерге, бир туугандарына сарпай берүү, себет тартуу, коноо берүү, бир туугандар эмеректерди алып келүүсүн токтотуу.
1.2.Бир гана кудага коноо берүү.
1.3.Сүннөт тоюнда тойго союлган согумдун эти менен 6 дан нан 70 жаштан ашкан аксакалдарга гана тартуу.
1.4.Тойлордо аялдар арасында дасторкон көтөрүүнү токтотуу.
1.5.Той өткөргөн үй ээлерине калпак кийгизүү, жолук салмай үрп адаттар токтотулуп, көнүлдөн чыгарган акчасын берүү.
1.6.Кудааларга себет тартуу 4 төн ашырбоо.
1.7. Адияларга союлган согум эти 6 дан нан чачаласы менен тартуу.
1.8. Жамааттарды чакыруу ыктыяр өзүндө (коно берилбейт)