Редакцияот 22.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

 

2019-жылдын 22-апрели № 121

Кадамжай шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин иш планын жана тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин түзүлгөн иш планы бекитилсин.

2. Кадамжай шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тарифтери 1, 2 тиркемелерге ылайык бекитилсин. (тиркемлер тиркелет)

3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Э.Зайляповко тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Э. Ураимов