Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры № 15
Майдан айылдык кенеши күн тартибиндеги маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы «Бюджеттик Кодексинин» негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи П.Самидиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Майдан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү атайын каражатсыз 21920,6 миң сом өлчөмүндө № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин чыгашалар бөлүгү 21920,6 миң сом (атайын каражатсыз) өлчөмүндө № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга атайын каражттар боюнча кирешелери жана чыгашалары 1350,0 миң сом өлчөмүндө № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдар үчүн негизги параметрлеринин болжолу 2020-жылга кирешелер жана чыгашалары 24079,1 миң сом өлчөмүндө № 4-тиркемеге ылайык, 2021-жылга кирешелер жана чыгашалары 25122,6 миң сом өлчөмүндө № 5-тиркемеге ылайык жактырылсын.
5. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр, тамак аш, коммуналдык чыгымдар) жүргүзүлсүн.
6. Чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар штат бирдиктери жана нормативдик документтер өзгөртүлгөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
7. Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштөөгө тыюу салынсын.
8. Айыл өкмөттүн 2019-жылга бюджети 1-январь 2019-жылдан баштап ишке киргизилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Тагаев |
Майдан айылдык кеңешинин 7 - чакырылышынын | |||
2018-жылдын 27-декабрь № 6-кезектеги сессиясынын | |||
№15-токтомго № 1-тиркемеси | |||
Майдан айыл өкмөтүнүн 2019 - жылга | |||
жергиликтүү киреше бөлүгү | |||
Классификациясы | Жергиликтүү киреше бөлүгү | Бекитилген киреше 2019 - ж. | |
1 | 2 | 3 | |
| Кирешелер трансферттер менен | 21920,6 | |
1 | Кирешелер | 17913,9 | |
11 | Салыктык кирешелер | 7817,7 | |
111 | Кирешеге жана пайдага салык | 7169,3 | |
1111 | Кирешеге жана пайдага салык | 3510,0 | |
11111 | Кыргыз Рес-н резиденттери-жеке жактардан алынуучу киреше салыгы | 3510,0 | |
11111100 | Салык агентти төлөөчү киреше салыгы | 3510,0 | |
1112 | Атайын режимдер боюнча салыктар | 301,2 | |
11122 | Патентин негизинде салык | 301,2 | |
11122100 | Милдеттүү патенттин негизинде салык | 0,0 | |
11122200 | Ыктыярдүү патенттин негизинде салык | 301,2 | |
113 | Менчикке салык | 3358,1 | |
1131 | Мүлккө салык | 709,2 | |
11311 | Кыймылдсыз мүлккө салык | 11,0 | |
11311200 | 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланган кыймылсыз мүлккө салык | 11,0 | |
11312 | Кыймылдуу мүлккө салык | 698,2 | |
11312120 | Жеке жактардан транспорттук каражаттарына салык | 698,2 | |
1132 | Жер салыгы | 2648,9 | |
11321 | Жер салыгы | 2648,9 | |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер учас-н пай-уу үчүн жер салыгы | 337,9 | |
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 285,1 | |
11321300 | Калк-уу кон-н жер-е ж-а айыл чарба баг-а бол-н жер-и пай-уу үчүн жер с-ы | 2025,9 | |
114 | Товарларга жана кызмат көрсөтүлгөн салыктар | 648,4 | |
1141 | Товарларга жана кызмат көрсөтүлгөн жалпы салыктар | 388,0 | |
11412 | Сатуудан салык | 388,0 | |
11412100 | Сатуудан салык | 388,0 | |
11442 | Роялти | 260,4 | |
133 | Мамлекеттик башкаруу секторунун трансферттери | 4006,7 | |
13311200 | Теңдөөчу гранттар | 4006,7 | |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 7389,9 | |
141 | Менчиктен жана пайыздардан кирешелер | 7230,4 | |
1415 | Ижара акысы | 7230,4 | |
14151 | Пай-уу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иш-и үчүн акы | 3905,4 | |
14151200 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы | 3905,4 | |
14152 | Жаратылыш ресуртарын пайдалануу үчүн акы | 3325,0 | |
14152100 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 1900,0 | |
14152300 | Айыл четиндеги жайыттардын ижарасы үчүн акы | 859,9 | |
14152600 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы | 565,1 | |
142 | Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн кирешелер | 159,5 | |
1422 | Административдик жыйымдар жана төлөмдөр | 159,5 | |
14221 | Жыйымдар жана төлөмдөр | 159,5 | |
14221700 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым | 159,5 | |
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 0,0 | |
14232 | Билим беруу жана маданий кызмат көрсөтүүлөр | 0,0 | |
14232400 | Мектепке чейинки жана мектеп меке-не кошумча кызмат көрсөтүү акысы | 0,0 | |
145 | Дагы башка салыктык эмес кирешелер | 2706,3 | |
14511400 | Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр | 2706,3 | |
Айылдык кенештин катчысы: _________________ ________________________ | |||
|
| ||
|
| ||