Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258- токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор арылык мамилелер боюнча мамлекеттик агентиги жөнүндө Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Ноокен айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XI- сессиясы күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен айылдык кеңешинин Типтүү этикалык кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | Н.А. Муратов |
Достук айылдык кеңешинин
XIX сессиясынын
3-токтомунун 1-тиркемеси
Бул кодекс жергиликтүү кеңештердин депутаттарына сөсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика-бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
1. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарды (мындан ары-депутаттар) тийиштүү айыл аймактын, шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын, шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобонун жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болушу керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.