Редакцияот 15.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КРАСНЫЙ-ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 15-марты № 38

Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын коомдук – профилактикалык борборунун Уставын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар профилактикасы жөнүндө” Мыйзамынын 123-беренесинин 6 бөлүмүн ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 “Коодук-профилактикалык борборунун Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу үчүн, ошондой эле Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 5-мартындагы № 51-р буюрмасын ишке ашыруу максатында:

1. Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын коомдук – профлилактикалык борборунун Уставы бекитилсин.

2. Ушул токтом Красный Восток айыл аймагынын (www.kr-ao.kg электрондук дареги) сайтында жарыялансын.

3. Бул “Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын коомдук – прфлилактикалык борборунун Уставын бекитүү жөнүндө” токтом Кыргыз Республикасынын адилет Министирлигинин аймактык бөлүгүндө катталсын.

4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.

 

Төрага

Алыбаев Э.М.

 Красный Восток айыл өкмөтүнүн

 2016-жылдын 15-жалган куран

 айындагы №38- токтомуна ылайык

___________________Э.М.Алыбаев

Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун

1. Жалпы жоболор

1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КАБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.

2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: “Красный Восток айыл аймагынын” Коомдук алдын алуу борбору” коомдук бирикмеси”;

- расмий тилде: “Общественное объединение “Общественно-профилактический центр” “Красновсточого айылного аймака”.

Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: “КАБ” КБ”.

- расмий тилде: “ОО “ОПЦ”.

3. КАБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.

4. КАБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.