Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 75/XII-27
Кант шаардык Кеңешинин толук отурумунун чечимин, ошондой эле Кант шаардык мэриясынын 30.11.2018-ж. №01-14/628-Кант шаарынын аймагындагы тартип бузуу иштерин кароо боюнча комиссиясы жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын аймагындагы тартип бузуу иштерин кароо боюнча комиссиясы жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |
Кант шаардык кеңешинин
21.12.2019-жылдагы №75/XII-27
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет: