Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 78/XII-27
Социалдык артыкчылыктарды коомчулукта жергиликтүү кеңештин депутаттарынын аброюн жогорулатуу, жергиликтүү кеңеште алардын ишмердүүлүгүнө караштуу депутаттык эрежелерди бекитүү, шайлоочулар, мамлекеттик органдар, жергидиктүү өз алдынча башкаруу органдарды, сөз сүйлөөдө юридикалык , физикалык жактар менен мамилесин жакшыртуу максатында, КР Өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этника аралык мамилелер мамлекеттикагенствосунун п.п. “б” п нын 2-абзацына, КР Өкмөтү тарабынан бекитилген 2013- жылдын 8-майындагы № 258-токтомуна ылайык, ошондой эле КР Өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этника аралык мамлекеттин агенствосунун 24.07.2018-ж. № 01-18/89-буйругун негизинде
КАНТСКИЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык кеңешинин депутаттарынын этика кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |
Кант шаардык Кеңешинин
21.12.2018–ж. № 78/XII-27
токтомуна тиркеме
КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН
ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ
Бул Кодекс Кант шаардык кенешинин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир Кант шаардык кенешинин депутаты өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
I. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Кант шаардык кенешинин депутаттары (мындан ары - депутат) тийиштүү айыл аймак, шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын, шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.