Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-апрели № 97
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаарында жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
а) 1-тиркемеге ылайык, жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдү, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги;
б) 2-тиркемеге ылайык, жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын стандарттары.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
а) ушул токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жетекчиликке алсын;
б) ушул токтом менен бекитилген жеке жана юридикалык жактарга Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын стандарттарын жетекчиликке алсын жана сактасын;
в) муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана муниципалдык кызматтардын стандарттарын Бишкек шаарынын мэриясынын сайтына жана Бишкек шаарынын мэриясынын, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн маалыматтык такталарына жайгаштырсын;
г) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө жана ведомствого караштуу мекемелерине Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегине, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине киргизилбеген, акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө жол бербесин;
д) Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:
Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү, акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтерди (бааларды);
жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды (мөөнөтү аяктаганда документтерди кабыл алуу, даярдоо жана берүү) өз убагында көрсөтпөгөндүгү үчүн муниципалдык кызматчылардын жеке жоопкерчилиги жөнүндө сунушту.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгы түшкөн каражаттарды эсепке алуу үчүн белгиленген тартипте казыналыкта атайын эсеп ачсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Ч. З. Жумалиев) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине (А. К. Бакетаев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы | Ж. Б. Абиров |
Бишкек шаардык кеңештин
2019-ж. «____» ___________
№______ токтомуна
1-тиркеме
Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү
муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун аталышы | Муниципалдык кызматты көрсөтүүнүн шарты (акы төлөнүүчү/ акысыз) |
1. Социалдык кызмат көрсөтүүлөр | |||
| Жарды пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга мончо жана чачтарач кызматтарын көрсөтүү | Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары | Акысыз |
| Турмуштук оор кырдаалда турган балалуу үй-бүлөлөргө психологиялык, юридикалык, социалдык жардамдарды көрсөтүү | Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары, Балдарга жардам берүү борбору | Акысыз |
| Турмуштук оор кырдаалда турган Бишкек шаарынын жашоочулары үчүн социалдык мекемелерде социалдык, реабилитациялык, медициналык кызматтарды көрсөтүү | Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрү | Акысыз |
| Социалдык мекемелерде социалдык, реабилитациялык, медициналык кызматтарды көрсөтүү | Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрү | Акы төлөнүүчү |
| Төмөнкү кирешелүү үй-бүлөлөргө коммуналдык кызматтарды төлөөгө турак жай субсидияларын берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары | Акысыз |
2. Муниципалдык жана жеке менчик объекттерге укуктарды берүү жана аныктоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр | |||
| Башкы планга ылайык жеке турак жай курулушу үчүн жер участогунун чектерин тактоо (бөлүү) | Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы | Акысыз |
| Башкы планга ылайык жеке турак жай курулушу үчүн жер участогунун чектерин тез арада тактоо (бөлүү) | Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы | Акы төлөнүүчү |
| Муниципалдык менчик объектин ижаралоо келишиминин же ага кошумча макулдашуунун жуп нускасын берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы | Акысыз |
| Муниципалдык менчик объектин ижаралоо келишиминин же ага кошумча макулдашуунун жуп нускасын тез арада берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы | Акы төлөнүүчү |
| Жер участогу үчүн ижара төлөмдөрү боюнча карыздын жоктугу жана үчүнчү жактарга же күрөөгө укуктарды өткөрүп берүүгө каршы эместиги жөнүндө маалым кат берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы
| Акы төлөнүүчү |
| Турак жайга ордердин жуп нускасын берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы | Акысыз |
| Турак жайга ордердин жуп нускасын тез арада берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы | Акы төлөнүүчү |
| Жайдын баланстык тиешелүүлүгү жөнүндө маалым кат берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы | Акысыз |
| Жайдын баланстык тиешелүүлүгү жөнүндө маалым катты тез арада берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы | Акы төлөнүүчү |
| Батирди менчиктештирүү учурунда үй-бүлө курамы жөнүндө маалым кат берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы | Акысыз |
| Муниципалдык базарларда соода орундарын, павильондорду, сактоо камераларын берүү | Муниципалдык базарларды башкаруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу бөлүмү | Акы төлөнүүчү |
3. Маданий жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү | |||
| Бишкек шаарынын муниципалдык музыкалык мектептеринде жеңилдетилген категориядагы жактар үчүн башталгыч кесиптик музыкалык билим берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу музыкалык мектептер жана искусство мектептери | Акысыз |
| Бишкек шаарынын муниципалдык музыкалык мектептеринде жана искусство мектептеринде жеңилдетилген категориядагы жактар үчүн искусство чөйрөсүндө башталгыч кесиптик билим берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу музыкалык мектептер жана искусство мектептери | Акысыз |
| Бишкек шаарынын муниципалдык көркөм-өнөр мектептеринде жеңилдетилген категориядагы жактар үчүн башталгыч көркөм-өнөр билим берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу көркөм-өнөр мектептери | Акысыз |
| Бишкек шаарынын муниципалдык музыкалык мектептеринде башталгыч кесиптик музыкалык билим берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу музыкалык мектептер жана искусство мектептери | Акы төлөнүүчү |
| Бишкек шаарынын муниципалдык музыкалык мектептеринде жана искусство мектептеринде искусство чөйрөсүндө башталгыч кесиптик билим берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу музыкалык мектептер жана искусство мектептери | Акы төлөнүүчү |
| Бишкек шаарынын муниципалдык көркөм-өнөр мектептеринде башталгыч көркөм-өнөр билим берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу көркөм-өнөр мектептери | Акы төлөнүүчү |
| Китепканалардын фонддорунда сакталган документтерди, китептерди үйүндө убактылуу пайдаланууга берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу борбордук китепкана жана ведомстволук китепканалар | Акы төлөнүүчү |
| Сканерленген түрдө адабият жана документтерди берүү | Акы төлөнүүчү | |
| Үндү күчөтүү боюнча көчмө үн жабдууларын берүү
| Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы | Акы төлөнүүчү |
| Маданий-эс алуу иш-чараларын өткөрүү үчүн Бишкек шаарынын китепканаларынын залдарын жана жайларын берүү | Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу борбордук китепкана жана ведомстволук китепканалар | Акы төлөнүүчү |
4. Спорттук жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү | |||
| Балдарды жана жаштарды спорттун ар кандай түрлөрүнө үйрөтүү | Спорттун ар кандай түрлөрү боюнча ОРАБӨМ | Акысыз |
| Сабактарды/машыгууларды өткөрүү үчүн теннистик корт берүү | Теннис, спорттун параолимпиадалык жана күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМ | Акы төлөнүүчү |
| Сабактарды/машыгууларды өткөрүү үчүн оор атлетика жайын берүү | Оор атлетика боюнча ОРАБӨМ | Акы төлөнүүчү |
| Сабактарды/машыгууларды өткөрүү үчүн жалпы дене тарбияга даярдоо жайын берүү | Оор атлетика боюнча ОРАБӨМ | Акы төлөнүүчү |
| Сабактарды/машыгууларды өткөрүү үчүн машыгуу жайын берүү | Оор атлетика боюнча ОРАБУМ; | Акы төлөнүүчү |
«Дельфин» ОРАБӨМ | |||
| Спорттук-калыбына келтирүү борборлорун берүү | Оор атлетика боюнча ОРАБУМ | Акы төлөнүүчү |
«Дельфин» ОРАБӨМ | |||
| Сүзүүгө машыгуу үчүн бассейн берүү | «Дельфин» ОРАБӨМ | Акы төлөнүүчү |
| Машыктыруучу менен сүзүү боюнча сабактарды өткөрүү | «Дельфин» ОРАБӨМ | Акы төлөнүүчү |
| Аквааэробика боюнча сабактарды өткөрүү | «Дельфин» ОРАБӨМ | Акы төлөнүүчү |
| Муниципалдык пансионатта жайкы эс алууну уюштуруу | “Алтын Булак” пансионаты” муниципалдык мекемеси | Акы төлөнүүчү |