Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-февралы № 92
Сүлүктү шаарынын 2018-жылга бюджетинин аткарылышы, 2019-жылдын бюджети жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин болжолу боюнча, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибеков жана депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ж. Муминовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Сүлүктү шаарынын 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин болжолун (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын 2018-жылга каралган бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 57701,5 мин сом жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 58402,7 мин сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2019-жылга шаардын бюджети кирешелер боюнча 53899,2 мин сом жана чыгашалар боюнча керектөөсү 53899,2 миң сом жана 2020-2021-жылдарга болжолу 56327,7 жана 58868,7 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Шаардын 2019-жылга бюджети 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жыл ичиндеги бюджеттин жетишсиздигини толуктоо жана жергиликтүү каржы булактарын табуу боюнча жогорку органдардан суроо жагы депутаттардын шаардык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана жергиликтүү аткаруу бийлигине жүктөлсүн.
4. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, социалдык жөлөкпулдар жана коммуналдык чыгымдарга) жүргүзүлсүн.
5. Жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн, 2019-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан 70 пайыз жана шаардын жергиликтүү бюджети үчүн сатуудан түшкөн салыктан 50 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү ченеми болуп бекитилсин. (тиркеме №3).
2) Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери боюнча (жайгашкан орду) боюнча шаардын тиешелүү жергиликтүү бюджетине - 50 пайыз өлчөмүндө № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3) Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн-шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4) Төмөнкүлөрдү кошпогондо, өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан салынган администрациялык айыптардын суммасынан жергиликтүү бюджетке – 50 пайыз өлчөмүндө:
а) жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык укук бузууларды жасоодо өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасы;
б) бажы органдары тарабынан өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын;
в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынган администрациялык укук бузуулар үчүн айыптардын суммасын.
5) жер салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6) мүлк салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7) Жер казынасын конкурстук обьектинен-3 пайыз жана жер казынасы аукциондук обьекттерден -7 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8) Түркүк тейлөө көздөгөн өнүктүрүүгө салымдар тоо-кен иштеткен жерде 20 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2019-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктын ар бир түрү боюнча пландык келип түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде ашыра аткаруу болжолдору болгондо жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү бекитилсин. Салык мыйзамында көрсөтүлгөн киреше салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын бекитилген пландык көрсөткүчтөрү ашыра аткарылганда, ашыра аткаруунун суммасы белгиленген тартипте толугу менен жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
7. Жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардан келип түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджеттерге (республикалык бюджетке) алынууга жатпайт.
8. Бюджеттик мекемелерге казына түтүмүн четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынат негизи «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» 28–декабрь 2017-жылдын №218 (23) Мыйзамы.
9. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн орто мектептери жана балдар бакчаларында ата энелер тарабынан камкордук көрүү кенеши түзүлүп, шаардык банктардан эсеп счетторун ачып иш жүргүзүү жагы уюштурулсун.
10. 2019-жылга шаардын бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
11. Сүлүктү шаарынын жергеликтүү бюджетинин 2018-жылдан калган 199,2 мин сом бош акча каражаттарын 2019-жылдын бюджетинин эсебинде жана чегинде Сүлүктү шаардык мэриясынын буйрутмасынын негизинде каржылансын.
12. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык мэриясына резервдик фонду 1 пайыз өлчөмүндө жана 2019-жылга резервдик фондунун суммасы 407,0 мин. сом өлчөмүндө бекитилсин.
13. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда жүргүзүлүүчү кассалык накталай акчасы 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
14. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы № 54 “жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы, Баткен областтык мамлекеттик 2010-жылдын 8-январындагы №7-15/5 сандуу көрсөтмөсүнүн жана Баткен областтык кырсыктан сактоо башкармасынын 2009-жылдын 22-декабрындагы №424 катынын негизинде 2019-жылы өзгөчө кырдаалдан сактануунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоо (өзгөчө кырдаал киргизилген учурда ) 50 мин сом өлчөмүндө № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
15. 2019-жылга Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 Мыйзамы жана 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “жарандарды коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо (атайын буйрук чыккан учурда) 50 мин сом өлчөмүндө № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. 2019-жылга Сүлүктү шаардык мэриясынын аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны, (КР Токтому 05.08.2011-ж. №451, 08.07.2013-ж. №403 жана 13.12.2016-ж №669, КР. Мыйзамы 09.02.2009-ж №43 41-берене ) № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. 2019-жылга Сүлүктү шаардык кенешинин типтүү түзүмү жана штаттык саны ( КР Токтом 05.08.2011-жыл №452) № 8 тиркемеге ылайык бекитилсин. Шаардык кеӊештин кызматтык бөлмөлөрүн жууп тазалоочу техничка штаттык бирдиги кошумча киргизилсин.(муктаждыкка байланыштуу депутаттардын макулдугу менен)
18. 2019-жылга Сүлүктү шаардык Кошбулак посёлкасынын аймактык башкаруусунун типтүү түзүмү жана штаттык саны, ( КР Токтом 10.09.2009-ж №566) № 9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 жана 2017 жылдын 7-августундагы № 466 Токтому менен бекитилген жобонун негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кенештин муниципалдык кызматчыларына эмгек тармагындагы кезектеги кадамды ыйгаруу (Сүлүктү шаардык мэриясынын 2019-жылдын 8-январындагы №01-11/2 буйругунун, шаардык кенештин 2019-жылдын 8-январындагы №1 буйругу) буйруктарынын негизинде төлөө жагы каралсын.
20. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, бюджеттик мекеме ишканалардын кызматкерлеринин адистик кесиптерин жогорулатууга сапарга болгон чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-май 2016-жылындагы № 241 Токтомунун негизинде төлөө жагы каралсын.
21. Бюджеттик мекеме ишканалардын 1-январь 2019-жылга болгон кредитордук карыздары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен каржылануучу трансферттердин эсебинен төлөө жагы каралсын.
22. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнө болгон дебитордук карыздар жана 2019-жылга жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше бөлүгү, штаттык бирдиктери, негизги сметасынын чыгаша бөлүгү №10, №11, №12 тиркемелердин негизинде бекитилсин.
23. Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына, шаар аймагын тазалоочу, бакчы, электрик, грейдер айдоочу, тазалоочу жана жүктөөчү үчүн 14 штаттык бирдик каралсын жана № 13 тиркеменин негизинде бекитилсин.
24. Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жана шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жаш депозит дарыгерлерине 2019-жылга көмөк көрсөтүү боюнча № 14 тиркеменин негизинде бекитилсин.
25. Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору типтүү түзүмү жана штаттык саны КР Өкмөтүнүн алдындагы дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттининин, 2016-жылдын 28-июнундагы №172-0 Тескемесинин негизинде бекитилсин (№15 тиркеме).
26. Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүндөгү ишканалардын типтүү түзүмү жана штаттык саны (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-май №268, 2012-жылдын 31-январь № 66 жана 2012-жылдын 17-августундагы №572, 2017-жылдын 18-августундагы № 495 Токтомдорунун негизинде) № 16 тиркемеге ылайык бекитилсин.
27. 2019-жылга Сүлүктү шаардык “Шахтер жолу” газетасынын атайын эсебинин киреше бөлүгүнүн тартыштыгына байланыштуу 3 (үч) штаттык бирдик жергиликтүү бюджеттин эсебинен (2017-жылдын 18-августундагы № 495 Токтомдорунун негизинде) № 17 тиркемеге ылайык бекитилсин.
28. Сүлүктү шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 276 Токтомунун негизинде республикалык каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу “калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул” төлөмдөрү 2019-жылдан баштап шаардык мэрия тарабынан жүргүзүлсүн.
29. Жергиликтүү мекеме ишканаларга демөөрчүлүк (спонсорский), гуманитардык жардам иретинде берилүүчү акча каражаттары ишкананын атайын эсеби (спец.счет) аркылуу түшүрүү жагы каралсын жана аны көзөмөлдөө жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
30. Бюджеттик мекеме ишканалардын колдонулбай калган статьясынан керектүү (зарыл) статьяга жылдыруу 200,0 мин сомго чейин шаардык кенештин туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде каралсын.
31. Шаардын социалдык тармактарын оңдоп түздөө үчүн түзүлгөн долбоорлорду колдоо максатында республикалык бюджеттен берилүүчү түрткү берүүчү гранттарга 2019-жылга 15-20 пайыз эсебинде өздүк салымы жергиликтүү бюджеттен каралсын.
32. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Исмаилов |