Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-марты № 108/ХVI -27
Кочкорбаев айыл аймагынын Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2015-жылдын 27-октябрыдагы № 747 “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айылдык аймагынын Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн” Коомдук алдын алуу борбору” коомдук бирикмесинин” Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Албекенов |
Кочкорбаев айылдык
Кенешинин
06.03.2019-жылдагы
№108/ ХVI -27
токтомуна тиркеме
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун
1. Жалпы жоболор
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КАБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.
2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Кочкорбаев айылдык аймагынын Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн” Коомдук алдын алуу борбору” коомдук бирикмеси”;
- расмий тилде: “Общественное объединение “Общественно-профилактический центр” “Кочкорбаевского айыл окмоту Кочкорбаевского айылного аймака Ысык-Атинского района, Чуйской области”.
Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “КАБ” КБ”.
- расмий тилде: “ОО “ОПЦ”.
3. КАБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.