Редакцияот 28.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 28-декабры № 41/10-27

Бирдик айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндөгү” буйругун аткаруу максатта Бирдик айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Бирдик айылдык Кенешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын, Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Бирдик айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобо бекитилсин. (Тиркеме №1)

2. Кыргыз Республикасынын, Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Бирдик айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы бекитилсин. (Тиркеме №2)

3. Кыргыз Республикасынын, Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Бирдик айыл аймагынын бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмеси бекитилсин (Тиркеме №3)

4. Кыргыз Республикасынын, Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Бирдик айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын материалдык-техникалык жактан камсыздалышы Бирдик айыл өкмөтүнүн бюджетинен камсыздалсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия жана социалдык иштер боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.

 

Төрага

Щ. Мусахунов

 Бирдик айылдык Кенешинин

 №41 /10-27 28.12. 2018-ж.

 токтомуна тиркеме №1

Кыргыз Республикасынын, Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Бирдик айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу

1. Жалпы жоболор

1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.

2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.

3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.

6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.

7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби

8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.

10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет: