Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-июлу № 7/2
Х чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүрович, сессиянын алдында сессияга катышпай кетип калгандыгына байланыштуу акт түзүлсүн. (тиркеме тиркелет)
2. Айылдык кенештин депутаттарынын сунушунун негизинде Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Женишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча добуш берүү жабык добуш берүү тартибинде өткөрүлсүн.
3. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Женишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча жабык добуш өткөрүү үчүн төмөндөгүдөй эсептөө комиссиясынын курамы түзүлсүн.
1) Көбөнова Жаңыл Чүкүковна, 2) Султангазы уулу Бекболот, 3) Токталиев Тилек Токталиевич.
4. Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын, мүчөлөрүн дайындоо жана иш бөлүштүрүү боюнча № 1 токтому бекитилсин. (№ 1 токтом тиркелет)
5. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбекке Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча бюллетендин текстин бекитүү боюнча эсептөө комиссиясынын № 2 токтому бекитилсин. (№ 2 токтом тиркелет)
6. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча 2 (эки) добуш жумуш ордунда калсын деп жана 8 (сегиз )добуш жумуш ордунан кетсин (ишенбөөчүлүк көргөзүлсүн) деген эсептөө комиссиясынын №3 токтому бекитилсин. (№ 3 Токтом тиркелет)
7. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көргөзүлгөндүгү белгиленсин.
8. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичти ээлеген кызмат ордунан бошотуп берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Ж.Субакожоевден суралсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | К. Асаналиев |
08.07.2019-жыл Ак-Моюн айылы
Биз төмөндө кол коюп акт түзүүчүлөр Ак-Моюн айылдык кенештин төрагасы К.Асаналиев, айылдык кенештин депутаттары М.Манаев, Б.Түмөнбаев, У.Ыбышов, Т.Асанов, У.Шеримбаев, Б.Султангазы у. Т.Мурзалиев, Т.Токталиев, Ж.Көбөнова, жоопту катчы Н.Аскербеков, айыл өкмөтүн кароолчусу С.Айтбаев болуп акт түздүк.
Себеби: 2019-жылдын 8-июль күнү саат 14:00гө чакырылган Ак-Моюн айылдык кеңешинин кезексиз 7-сессиясына айыл өкмөтүнүн башчысы Кайыпов Жеңишбек сессияга чакырылгандыгына жана күн тартиби менен тааныш экендигине карабастан сессия башталганда эч кимден уруксат сурабастан кетип калды. Күн тартибинде төмөнкү маселе коюлган: “Ак-Моюн айыл өкмөт башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө”. Сессияга чакыруу кагазын Кайыпов Жеңишбек айыл өкмөтүнүн кароолчусу Айтбаев Сапарбектен 5-июль күнү саат 11лерде алган, С.Айтбаев айыл өкмөтүнө эки жолу киргендигине карабастан кол койгон эмес. Уктум, макул сессияга катышам деген. Айылдык кенештин депутаттары Кайыпов Жеңишбектин бүгүнкү жоругун жетекчилик этикага ылайыксыз деп таап. Күн тартиби бекигендиктен сессиянын ишин уланта берүүнү, башкача айтканда регламентте бул жагдай каралбагандыктан сессияда айыл өкмөт башчысы Кайыпов Жеңишбек Өмүровичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө маселени карай берүүнү туура деп табышты.
________________ К.Асаналиев
________________ У.Ыбышов
________________ М.Манаев
________________ Б.Түмөнбаев
________________ Т.Асанов
________________ У.Шеримбаев
________________ Б.Султангазы у.
________________ Т.Мурзалиев
________________ Т.Токталиев
________________ Ж.Көбөнова
________________ Н.Аскербеков
________________ Айтбаев С.