Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 14/3
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2019-жылга иш-планын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2019-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
2. Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2019-жылга бекитилген иш-планын жетекчиликке алып аткарылышын камсыздоо жагы жергиликтүү башкаруу органынын өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарына тапшырылсын.
3. Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2019- жылга иш-планын өз убагында аткаруусун камсыздоо жагы туруктуу комиссияларынын төрагаларына, орун басарларына, катчыларына жана мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Исраиловго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |
Айылдык кеңешинин он төртүнчү сессиясынын
21.02.2019-жыл
№ 14 / 3 токтомуна №1 тиркеме
Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин 2019-жылга түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
Депутаттардын айылдык Кеңешинин сессиясынын жыйналыштарында каралуучу маселелер:
1. Айылдык кеңешинин он бешинчи сессиясынын жыйналышында каралуучу маселелер:
1.Көрүстөнгө бөлүнгөн жер аянттарынын бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформация) иштеринин абалы жөнүндө.
2. Мектенке болунгон жер аянтын бир категориядан экинчи категория которуу иштери жөнүндө.
3.С.П.А. уюштуруу жана ички каналдардын абалы жонундө.
4.Калктуу конуштарда порковка уюштуруу жана мекеме-уюмдарда стоянка уюштуруу жөнүндө.
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы 2019-жылдын апрель айы.
5.Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
6.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2019-жыл бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 1-кварталынын аткарылышынын абалы жөнүндө.
7. Жолбун иттерди аттыруу жана жок кылуу иштери жөнүндө.