Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 21-майы № 18/2
2018-жылга Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Кербен шаарынын сессиясы белгилейт:
Кербен шаарынын мэриясы 2018-жылга кабыл алынган Кербен шаарынын бюджетин аткаруу боюнча бир топ иш чараларды жүргүзгөн. 2018-жылга Кербен шаарынын бюджетинин кирешеси жалпысынан такталган план 41976,9 миӊ сом болсо, 42816,7 миӊ сомго аткарылган.
Бирок жергиликтүү салыктардын кээ бир түрлөрү аткарылбай калган. Бекитилип берилген бюджеттин чыгаша бөлүгүн чарбасыздык менен пайдаланылган учурлар кездешүүдө. КР «Бюджеттик Кодекси жөнүндө» Мыйзамынын бир топ талаптары бузулуп, финансалык катачылыктарга жол берилген .
Патент, транспорт, тамарка, КБФ, айыл чарба багытында эмес жерлердин салыктары боюнча көптөгөн резервдер бар экени айкын болгонуна карабастан айыл чарба багытында эмес жер салыгы 97,1%, патент-94,8%, кыймылсыз мүлк салыгы-88,8% араӊ аткарылып отурат. Муниципалдык обьектилерге сууну, электроэнергияны, көмүр-отунду үнөмдүү пайдалануу боюнча иш пландар иштелип чыкпаган. Сатып алуулар боюнча тендерлер сапатсыз өткөрүлгөн. Курулган курулуштардын сапаты начар, курулуш материалдардын баасы өтө жогору. Тендерге берилген курулуштардын проект-сметалары жогорку баада белгиленген учурлар кездешет. Курулушту көзөмөлдөөчү (технадзор) курулуштардын сапатына көзөмөл жүргүзбөгөн. Кайдыгер мамиле жасалган. Ушул сыяктуу көптөгөн кемчилдиктер орун алганы тууралуу финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 14-майындагы № 61 токтомуна жана “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин экинчи пунктуна негиз, жогорудагы маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.2018-жылга Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы бекитилсин;
-Киреше бөлүгү – 42816,7 миӊ сом суммасында (№ 1 тиркеме);
-Чыгаша бөлүгү – 41129,9 миӊ сом суммасында (№ 2 тиркеме);
-Резервдик фонддун чыгымы – 320,2 миӊ сом (№ 3 тиркеме);
-2018-жылдын 1-январына калган бюджеттик калдыктын чыгымы 5583,2 миӊ сом суммасында аткарылганы белгиленсин.
2. Атайын эсептеги каражат боюнча:
-Киреше бөлүгү боюнча – 6017,8 миң сом суммасында (№ 4 тиркеме);
-Чыгаша бөлүгү боюнча – 5969,6 миң сом суммасында (№ 5 тиркеме);
- 2018-жылдын 1-январына калган калдык боюнча – 497,8 миң сом суммасында аткарылганы белгиленсин.
3. Кербен шаарынын мэриясы,2018-жылда бюджеттин кирешесин көбөйтүү, көмүскөдөгү салык төлөөчүлөрдү ачыкка чыгаруу жана салыктардын план тапшырмаларын аткаруу боюнча начар иш алып баргандыгы эскертилсин.
4. Билим берүү мекемелери (мектеп, бала-бакча) коммуналдык чыгымдарды үнөмдөө боюнча мэрия менен биргеликте иш чара иштеп чыксын жана ыксыз чыгымдарды азайтып аны оптималдаштырууну уюштурсун.
5. Кербен шаарынын мэриясына:
-Айыл чарба багытында эмес жерлердин келишимин кайра карап чыксын жана 2019-жыл ичинде ал жерлерди ижарага берүү боюнча аукциондор уюштурулсун;
-2018-жылдын бюджетин аткарууда кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча чаралар көрүлсүн.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |
Тиркеме № 1
Кербен шаардык Кеӊешинин 2019-жылдын
21-майындагы № 18/2 токтому менен бекитилген
Беренелер | Беренелердин аталышы | 2017-жылга факт 12 ай |
|
|
|
| анын ичинен |
|
11111100 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 14443,5 |
11111200 | Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы | -28,6 |
11121100 | Пайда үчүн салык | 36,7 |
11122 | Патенттик негиздеги киреше салыгы | 4 310,2 |
11122100 | Юридикалык жактардын танууланган кирешесине салык (милдеттүү патент) | 637,00 |
11122200 | Жеке адамдардын танууланган кирешесине салык (ыктыярдуу патент) | 3673,2 |
11311100 | Кыймылсыз мүлк үчүн салык 3 группасы |
|
11311200 | Кыймылсыз мүлк үчүн салык | 331,00 |
113121 | Жеке адамдардан транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 2838,8 |
11321100 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 1911,3 |
11321200 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 452,9 |
11321300 | Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2021,2 |
11412100 | Сатуудан жана акылуу кызматтар көрсөтүү үчүн юридикалык жактар төлөөчү салык | 5853,6 |
11442440 | Ичуучу жана техникалык суулар | 57,6 |
14151200 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы | 151,1 |
14152110 | Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы |
|
14152120 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 6,0 |
14152600 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы төлөө | 343,7 |
14221700 | Таштандыларды чыгаруу учун жыйым | 793,6 |
14222200 | Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым |
|
14311100 | Башка салык эмес кирешелер штрафтар |
|
| Каржы Министрлигинен средства перед-ые | 1101,0 |
| Жергиликтуу бюджеттик киреше | 34 623,6 |