Редакцияот 22.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII-чакырылышынын кезексиз XII -сессиясы

2019-жылдын 22-январы № 8

Могол айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн кошумча реестрин жана стандарттарын бекитүү жөнүндө

Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги Х IV–сессиясы Могол айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн кошумча реестри жана анын стандарттарынын долбоорлорун карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Могол айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн кошумча реестри бекитилсин. (№1-тиркеме тиркелет)

2. Могол айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттары жактырылсын жана бекитилсин.(№2-тиркеме тиркелет)

3. Могол айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн базалык жана кошумча реестринин жана анын стандарттарынын негизинде иш алып баруу Могол айыл аймагынын башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

 

Төрага

Т.Омурзаков

Могол айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 22-январындагы

 кезектеги ХIV-сессиясынын №8-токтомуна №1- тиркеме

Могол айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн кошумча кызматтардын тизмеси

 

№

Кызмат көрсөтүүлөрүнүн аталышы

Кызмат көрсөтүүлөрүн стандартташтырууга жооптуу органдардын аты

Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучу-нун аты

Кызмат көрсөтүүнүн шарттары (акылуулук же акысыздык)

1

Жер үлүшүнүн бардыгы туралуу тактама берүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

2

Салыктардан карызы жоктугу жөнүндө тактама берүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

3

Ижара төлөмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө тактама берүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

4

Карыган карыялардын пенсияларын алууга ишеним кат берүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

5

Аз камсызданган, жакыр үй бүлөлөрдүн балдарын керектүү кийим кечектер менен камсыздандыруу

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

6

Аз камсызданган, жакыр үй бүлөлөрдүн балдарын жайкы эс алуу жайларга жолдомолор менен камсыздандыруу.

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

7

ДМЧЖ, улгайган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

8

Улгайган жалгыз бой жашаган кары-картаң жарандарды кышкы маалга, көмүр менен камсыздандыруу

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

9

Мектептер арасында таймаштардын, олимпиадалардын, сынактардын жана спорттук таймаштардын катышуучуларын жол акы менен камсыздандыруу.

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

10

16 жашка чейин 4 баладан көп балалуу энелерге материалдык жардам көрсөтүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

11

Улуу ата-мекендик согуштун ардагерлерине жана башка согуштардын катышуучуларына кыш мезгилине көмүр менен жардам көрсөтүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

12

16 жашка чейинки, ДМЧ окуучуларына ден соолукту чыңдоочү жайларга, эс алуу жайларга (санаторийлерге, легерлерге) жолдомолорду берүү.

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

13

Баткен окуясынын, Афган согушунунардагерлерине, ЧАЭС катышуучусуна жылына бир жолу материалдык жардам көрсөтүү.

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

14

Мураскордун укугун алуу үчүн Ф-50 тактамасын берүү.

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтү

акысыз

Могол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы:                                                                                                                                                Б.Алыбаева

 Могол айылдык Кеңешинин 2019-жылдын 22-январындагы

 кезектеги ХIV-сессиясынын №8-токтомуна №2- тиркеме

МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТАРДЫН СТАНДАРТЫ

№1-Муниципалдык кызматтын паспорту

1.

Кызматтардын аталыштары, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде кызматтарды аткаруучунун аракеттерин кыскача сыпаттоо

Жер үлүшүнүн жоктугу тууралуу тактама берүү

2.

Кызмат көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (муниципалдык мекеменин) толук аталышы

Могол айыл өкмөтү

3.

Муниципалдык кызмат алуучулар

Жер үлүшүнүн жоктугу жөнүндө тактама алууга муктаж болгон жараандар

4.

Муниципалдык кызмат алуунун укуктук негиздери

- Кыргыз РеспубликасынынКонституциясы

- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мызамы;

-“Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр реестрин түзүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 03-июнундагы №302 Токтому;

- “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы 03-сентябрындагы № 603 Токтому

5.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы

Жер үлүшү жоктугу жөнүндө тактама алууга зарыл болгон жараандар ала алышат

6.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары

- аныктоо;

- тизмеге киргизүү;

- ирээти менен кызматты көрсөтүү.

Эгерде майыптуулугу бар жаран өзү келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, ошол жарандын жакындарына берилет.

7.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

Керек болгон учурда

2. Муниципалдык кызмат алуучуларды маалымдоо

8.

Керектөөчүгө берилүүчү муниципалдык кызматтар (керектүү маалыматтардын тизмеси), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, стандартташтыруу үчүн жооптуулар жөнүндө маалымдоо

Кызмат көрсөтүүнүн жарыялоо жолдору:

- жер адиси тарабынан;

- айыл башчылары, жамаат уюмдун башчылары аркылуу.

Маалыматтар мамлекеттик тилинде жана расмий тилде берилет.

9.

Муниципалдык кызмат жөнүндө маалыматты таратуунун ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларын мүнөздөө же саноо)

Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн таратуу ыкмалары:

- жер адиси тарабынан;

- айылбашчылары, жамаат уюмдун башчылары аркылуу;

Маалыматтар мамлекеттик тилинде жана расмий тилде берилет.

3. Муниципалдык кызмат көрсөтүү жана тейлөө

10.

Кайрылган жараандар менен сүйлөшүү

Жооптуу кызматкердин кеңсесинин эшигинде ФАА жана кызматы жөнүндө, ошондой эле иштөө графиги илинет.

Жоопту кызматкер мыйзамдын негизинде профессионалдык этиканы сактап, кайрылучууларга жооп берет жана өзүнүн функционалдык милдеттерин так аткарат.

Сылык жана ачык маанайда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, суроолорго жооп берилет. Кайрылуучуларга кабыл алуучу кабинетте, кезегин күтүү учурунда ыӊгайлуу санитардык нормаларга жооп берген сырткы туалет, кол жуучу жай, жылычкычтар жана ошондой эле олтуруучу стулдар болушу керек.

11.

Жашырындуулукту камсыз кылуу ыкмалары

Жашырындуулук кепилденет.

12.

Муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөр тарабынан керектүү документтердин жана иш-аракеттердин тизмеси

- паспорт (ID-карта)

13.

Акылуу муниципалдык кызматтардын наркы

Акысыз

14.

Муниципалдык кызматтын сапатынын параметри

- көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык өз убагында көрсөтүү

- жеткиликтүүлүк, ачык айкындуулук, актуалдуулук;

- жашына, жынысына, улутуна, дин тутумуна карабастан дискриминациялообо;

- даттануулар жана каалоолор тууралуу китеп уюштурулуп, каттаган адамдардын ой пикири жазылып турат;

- сылык мамиле жасоо, документтерди даярдоодо жардам берүү.

15.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, электрондук форматта аны көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү

Түздөн-түз кызмат көрсөтүү.

Электрондук форматта аталган кызмат көрсөтүлбөйт.

4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби

16.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу

-12 пунктта көрсөтүлгөн документи болбосо;

- жаран каза болгон учурда.

17.

Даттануунун тартиби

Эгерде кайрылуучу тарап нааразы болсо, анда ооз эки же кат түрүндө айыл өкмөтүнүн башчысына кайрылса болот.

Кат жүзүндөгү даттануу эркин формада жазылышы мүмкүн жана даттануучунун ФАА, жашаган дареги, телефон номуру, даттануунун мазмуну, күнү жана өз колу коюлушу керек.

Кат жүзүндөгү даттануу ошол эле күнү атайын каттоо журналына катталышы керек.

Даттанууларды кароо мыйзам чегинде бекитилген тартипте 14 күндөн кеч эмес каралышы керек.

Эгерде даттануучу чыгарылган чечимге нааразы болсо, анда ал сот органдарына кайрылуугу укуктуу.

18.

Муниципалдык кызматтын стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү

Жылына бир жолу.