Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Капчыгай айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2018-жылдын 30-ноябры № 10.3
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 313-беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18.126 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө”буйругунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Капчыгай айыл аймагында Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Капчыгай айыл аймагында Бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин:
1.Бердибаев Мизан – айыл өкмөттүн башкы адиси,комиссиянын төрагасы,
2.Маширапов Дастанбек–айылдык кенештин депутаты,комиссиянынорун басары
3. Жусуев Манас -айыл өкмөттүн жооптуу катчысы ,комиссиянын катчысы,
4. Абышов Темирбек -Тегерек-Саз айылынын айыл башчысы ,комиссиянын мүчөсү,
5. Каратаева Бурулча –Аялдар кенешинин төрайымы ,комиссиянын мүчөсү,
6. Зулпукар уулу Абдимиталип – айылдык Кенештин депутаты,комиссиянын мүчөсү
7.Төрөгелди у.Кайратбек –айыл өкмөттүн адиси,комиссиянын мүчөсү
3.Комиссиянын курамы Капчыгай айыл аймагында бузуулар жөнүндөгү Жобону аткарууга алышсын.
Төрайым: | П.Сайдилканова |
Капчыгай айылдык Кенешинин 2018-жылдын 30-
ноябрындагы кезектеги 10- сессиясынын
№ 10.3- токтомуна тиркеме
Капчыгай айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
комиссиялары тууралуу
Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия)түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.