Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы №5
Ноокат райондук статистика б өлүмүнүн 2019-жылдын 16-январындагы №01-04ү8 сандуу катынын негизинде Ноокат райондук статистика бөлүмү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы экономист-статисттин “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишимди бекитип берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук статистика бөлүмү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы экономист-статисттин Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин. (Келишим тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Гафаров
|
| Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын 2019-жылдын 23-январындагы кезексиз XIX сессиясынын №XIX-5 токтому менен бекитилген
|
| Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын 2019-жылдын 23-январындагы кезексиз XIX сессиясынын №XIX-5 токтомуна тиркеме
|
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
| 2019-жылдын 23-январы
|
Келишимдин тараптары
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан, мындан ары "мамлекеттик статистика органы" деп аталуучу Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүн жөнүндө Жобонун негизинде иштеген жетекчи Зулпукааров З.Ш. биринчи тараптан жана Ноокат шаар мэриясынын атынан, мындан ары “өз алдынча башкаруунун аткаруу органы” деп аталуучу, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жобонун негизинде иштеген башчысы Нурдинов Ж. экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
Келишимдин шарттары
2.1 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү Ноокат шаар мэриясына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:
1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө;
2) жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө;
3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурма айдоо тууралуу;
4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана түшүмдү дүң жыйноо жөнүндө;
5) айыл чарба өсүмдүктөрүн түшүмүн жыйноо жөнүндө;
6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө;
7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө;