Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтомуна карата тиркеме |
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштуруу боюнча банктарга карата талаптар, милдеттүү кам өлчөмү, коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары - банк) тарабынан милдеттүү камдык талаптарды эсептөө жана аткаруу тартиби, ошондой эле милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө жана өндүрүү тартиби аныкталган.
Бул жобонун талаптары операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, анын ичинде банк операцияларын ишке ашырууда алар колдонгон иш өзгөчөлүгүн жана терминдерди эске алуу менен "ислам терезесинин" алкагында операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга таркатылат.
2. Милдеттүү камдар акча-кредит саясатынын инструменттеринин бири болуп саналат жана ал Улуттук банк тарабынан банк тутумундагы жалпы ликвиддүүлүк деңгээлин, кыска мөөнөттүү пайыздык чендерди жана акча топтомдорунун көлөмүн жөнгө салуу максатында колдонулат.
3. Акча-кредит саясатынын максаттарына ылайык Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечимдери менен төмөнкүдөй милдеттүү камдык талаптардын ченемдери белгиленет:
- милдеттүү кам өлчөмдөрү (эсептик базанын курамына кирген милдеттенмелердин ар кандай категориялары үчүн ар башка пайыздык маани белгилениши мүмкүн);
- милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээлинин өлчөмү;
- милдеттүү камдарды аткаруу максатында камдык активдерге киргизилген активдердин катышы жана өлчөмү;
- милдеттүү камдарды аткаруу үчүн компенсациялоо чени;
- милдеттүү камдык талаптардын жана милдеттүү камдар көлөмүнүн минималдуу чектүү деңгээлинин сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмдөрү.
4. Милдеттүү камдык талаптарды аткаруунун базалык мөөнөтү төрт календардык жуманы түзөт (28 күн).
5. Эсептик базага кирген милдеттенмелердин тизмеси жана түзүмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет.
6. Банктар банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны колдонгон мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптарды аткарууга милдеттүү.
2-глава. Аныктамалар жана терминдер