Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 143
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 03.11.2018-ж. №01-25/443, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 13.11.2018-ж. чыгыш №1-17/04-2214-каттарына негиз Орозбеков айылдык кеңешинин административдик –укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Ысаковдун Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Типтүү жобону бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Типтүү жобо жана комиссиянын курамы № 1, 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы өз ишмердүүлүгүндө тиешелүү укуктук-ченемдик актыларды жетекчиликке алсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик-укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Ысаков) жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |
Орозбеков айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы
№ 143- токтомуна №1- тиркеме
Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары- Кодекс) негиз Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын (мындан ары- Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
Комиссия Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы айылдык кеңештин чечими менен бекитилет.
Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик-укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
Комиссия айылдык кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап, айылдык кеңешке киргизет.
Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын , катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.