Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 145
КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 24.07.2018-ж. №01-18/89 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын Типтүү этикалык кодексин бекитүү жөнүндө” жобону карап жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айылдык кеңешинин депутаттарынын Типтүү этикалык кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Айылдык кеңештин депутаттарына депутаттык ишмердүүлүктөрүн депутаттык этиканын эрежелерин сактоо менен жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( ) жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |
Орозбеков айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2018-жылдын 12-декабрындагы
№ 145 -токтомуна №2- тиркеме
Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын Типтүү этикалык кодекси жөнүндө
Бул Кодекс Орозбеков айылдык кеңешинин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
1. ЖАЛПЫ ЖОБО
Орозбеков айылдык кеңешинин депутаттары (мындан ары - депутаттар) тийиштүү айыл калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
Депутаттар өз макамын аймактын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кеңештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
Депутаттар депутаттын жана аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.