Редакцияот 02.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2019-жылдын 02-августу № 49

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 08.02.2019-жылдагы кезектеги X сессиясынын № 34 токтомунун 6-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жана үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 29.07.2019-жылдагы чыгыш № 01-34/427 сунушу “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, шаардык кеңештин 08.02.2019-жылдагы № 34 токтомунун 6-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жана үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен жактырылгандыгы белгиленсин.

2. Корутундуга ылайык акча кажаттарды кыскартуу жана аларды чыгымдоо багыттары ушул токтомдун тиркемесине ылайык жүргүзүлсүн.

3. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго жүктөлсүн.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.

7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

М.Н.Жусупахунов

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын

02.08.2019-жылдагы кезектеги XVI сессиясынын № 49 токтомуна

 

Тиркеме

Тендер өткөрүүлөрдүн жыйынтыгында (атайын каржаттарды кошкондо) үнөмдөлгөн жана кыскартылган акча кажаттары боюнча маалымат

Таблица 1

 

№

Статьясы

Мазмуну

Сумма (миң сом)

1

3111

Тендер өткөрүүнүн жыйынтыгында үнөмдөлгөн акча каражаты

137,4

2

3111

Яма Беккари курууну кыскартуу

350,0

3

3111

ДЮСШ күрөш залынын жуунуучу жайын оңдоп түзөөдөн кыскартуу

36,9

Атайын каражаттар

1

3112

Тендер өткөрүудөн үнөмдөлгон (балдар ойноочу аянтчадан)

50,6

 

 

Жалпы:

574,9

2019-жылдын 01-июлуна карата тендер өткөрүүнүн жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана айрым иштерди кыскартуудан алынган акча каражаттарын чыгымдоо жөнүндө

                                                                                                   Таблица 2

№

Статьясы

Каражатты колдонуу багыты

Сумма (миң сом)

1

2221

Кесиптик лицейдин кезектеги ремонтуна (атайын каражаттын эсебинен)

50,6

2

2221

Бөкөнбаев мектеби - Мейманкананын кезектеги оңдоп-түзөө иштерине

21,7

3

2221

№ 2 “ Арча-Бешик” б/б- Төрөгелдиев К үйүнүн кезектеги оңдоп түзөө иштерине

26,4

4

2213

Ижара акы үчүн ( мейманкана, жеке үй)

420,0

5

3112,2215

Жаштар кеңешинин иш-чараларына

8,4

6

2215

“Наристе” балдар бакчасына

47,8

 

 

Жалпы:

574,9

Төрага:                                                                                                                                                                                                          М.Н.Жусупахунов