Редакцияот 13.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

алтынчы чакырылышынын 26-сессиясынын кезексиз отуруму

2019-жылдын 13-июну №3

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Таза суулар ишканасынын Дароот-Коргон айылы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмү менен макулдашылган тарифин бекитүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Таза суулар ишканасынын Дароот-Коргон айылы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош шары жана Ош областы боюнча бөлүмү менен макулдашылган тарифин бекитүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттары карап талкуулап 27-сессиясынын кезексиз отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Таза суулар ишканасынын Дароот-Коргон айылы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмү менен макулдашылган тарифи № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул бекитилген тарифтин негизинде иш алып баруу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы Таза суулар ишканасына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

    

Төрага

Н.Маматназаров

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 13-июнундагы 27-сессиясынын кезексиз отурумунун № 3 токтомунун №1-тиркемеси

 «Чоң-Алай таза суулары» муниципалдык ишканасынын акы алып кызмат көрсөтүүлөрүнүн баа прейскуранты

 

№

Акы алып кызмат көрсөтүүнүн түрү

Өлчөө бирдиги

Суммасы

(сом менен )

1

Дароот-Коргон айылынын ашоочулары:

 

 

 

Ичүүчү сууну көчөдөн алганда

1м3 / сом

20

 

Ичүүчү сууну короодон алганда

 

30

2

Мекеме ишканалар:

 

 

2.1

Бюджеттик мекемелер

1м3 / сом

 

 

Ичүүчү сууну көчөдөн алганда

 

35

 

Ичүүчү сууну короодон алганда

 

45

2.2

Коммерциялык ишканалар

1м3 / сом

 

 

Ичүүчү сууну көчөдөн алганда

 

40

 

Ичүүчү сууну короодон алганда

 

45

 

Суу түтүгүнүн системасына кошулуу үчүн

1 жолу/ сом

3000

«Чоң-Алай таза суулары» муниципалдык ишканасынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн таза сууну өндүрүү жана керектөөлөргө сатуу боюнча тарифтери төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү.

-бир жылда берилген сууну өндүрүүгө кеткен чыгым 2 210 710 сом

- бир жылда өндүрүлгөн суунун көлөмү 111 791 м3

-1м3 керектелүүчү суунун өздүк наркы: 2 210 710 сом: 112 791м3=19,60 сом за 1 м3.

Өндүрүлгөн 1 м3 суунун баасы 19,60 сомду түздү, андан:

№

Аталыштары

Рентабелдүүлүк

Суммасы

Баасы (сом)

1

Элге :

 

 

 

 

Көчөдөн алганда

2%

0-40

20-00

 

Короодон алганда

53%

10-40

30-00

2

Мекеме ишканаларга:

 

 

 

 

Бюджеттик мекемелер көчөдөн алганда

79%

15-40

35-00

 

Короодон алганда

104%

20-40

40-00

3

Коммерциялык ишканалар:

 

 

 

 

Көчөдөн алганда

104%

20-40

40-00

 

Короодон алганда

130%

25-40

45-00

4

Суу түтүгүнө кошулуу үчүн

 1 жолу

 

3000-00